Сирия тема болгон  8 -  Астана жыйыны 21 – 22 -  декабрда өткөрүлөт

Октябрь айында өткөрүлгөн  7 -  Астана жыйынында туткун жана туткундарды алмаштыруу менен блокада астындагы аймактарга үзгүлтүксүз жардам берүү тууралуу макулдашуу түзүлө алган эмес.

866095
Сирия тема болгон  8 -  Астана жыйыны 21 – 22 -  декабрда өткөрүлөт

 

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 21 – 22 -  декабрда өткөрүлө турган жыйында тараптардын камоодогу кишилердин эркин койо берилиши, сөөктөрдүн тапшырылышы жана жоголгон кишилерди издөө тууралуу иш алып баруу группасынын жобосун бекитүүнү пландашкандары белгиленди.

Тараптардын айрыкча коопсуз аймактардын иштөө темалары сөз болору белгиленген маалыматта : «Тараптар Сириядагы БУУ, ЮНЕСКО тизмесине алынган тарыхый жерлердин миналардан тазаланышы тууралуу орток билдирүүнү бекитүү ниетинде»,- деп айтылды.

Октябрь айында өткөрүлгөн  7 -  Астана жыйынында туткун жана туткундарды алмаштыруу менен блокада астындагы аймактарга үзгүлтүксүз жардам берүү тууралуу макулдашуу түзүлө алган эмес.

 

 



Тектеш кабарлар