Орусия : "Сирия ДЕАШтан тазаланды"

Орусиянын генштабынын төрагасы Валерий Герасимов Орусиянын генштабынын төрагасы Валерий Герасимов

Орусия : "Сирия ДЕАШтан тазаланды"

Орус генштабынын төрагасы Валерий Герасимов Сириянын ДЕАШтан толугу менен тазалангандыгын ортого салды. Герасимов борбор шаар Москвада берген маалыматында Сирияда ДЕАШтын колунда эч бир аймактын калбагандыгын айтты. Сирия армиясы тарабынан жүргүзүлгөн акыркы операциялардын ийгиликтүү аяктагандыгын айткан Герасимов : «Ушундайча бүгүндөн баштап Сирия ДЕАШтан толугу менен тазаланды жана Сириядагы ДЕАШтын бардык бөлүктөрү жок кылынды»,- деди.

Герасимов Иракта ДЕАШка карата жүргүзүлгөн операцияларда да АКШга колдоо берүүгө даяр экендигин белгиледи. Орусиянын президенти В. Путин да кечээ берген маалыматында Евфрат дарыясынын чыгышында жана батышында ийгиликтүү болгон операциялардын жүргүзүлгөндүгүн айтып : «Эми Орусия, Түркия менен Ирандын арасында Сочиде макулдашуу түзүлгөн Сирия Улуттук Диалог Конгрессине көңүл буруу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар