Иорданиянын королу Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Дональд Трамптын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» катары таануу чечими аймактын коопсуздугу, ырааттуулугу менен тынчтык аракеттерине коркунуч туудурат.

Иорданиянын королу Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди «Изриалдин борбор шаары» катары таануу токтому тууралуу Катар Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Иордания Королдук Кеңешинен берилген маалыматка ылайык Катар Эмири Шейх Темим Иорданиянын королу 2 -  Абдуллахка телефон чалды. Абдуллах сүйлөшүүдө АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» катары таануу чечиминин аймактын коопсуздугу, ырааттуулугу менен тынчтык аракеттерине коркунуч туудурарын белгиледи.

Король Абдуллах борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин куруу аракеттеринде палестиналыктарга колдоо берүү керектигин да айтты.

 



Тектеш кабарлар