Газпром "Түрк агымы" долбоорун ишке ашырып жатат

Газ куурунун эки багытында жалпы 520 километрдик түтүк төшөлдү

853987
Газпром "Түрк агымы" долбоорун ишке ашырып жатат

Орус энергетика компаниясы Газпром «Түрк агымы» долбоорунун эки багытында жалпы 520 километрдик түтүк жолун жайгаштырды.

Газпромдун билдирүүсүндө, 7-майдан бери Орусиядан башталып Карадеңиз аркылуу Түркияга жеткирилиши пландалган газ куурунун эки багытында жалпы 520 километрдик түтүктүн төшөлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө: «Ушул учурда иш-аракеттер уланып жатат. Түрк агымы, газ ташуу багыттарынын көп түрдүү болушуна мүмкүнчүлүк түзөт жана Европанын энергетика коопсуздугунун артуусун камсыздайт»- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар