В. Путин : "Согушка даярдангыла"

В. Путин Сочидеги Түркия, Иран жана Орусия лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Сирия тема болгон саммиттен кийин катышкан бир конференцияда «Согушка даярдангыла» жолдомосун берди.

В. Путин : "Согушка даярдангыла"

Орусиянын президенти В. Путин Сочидеги Түркия, Иран жана Орусия лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Сирия тема болгон саммиттен кийин катышкан бир конференцияда «Согушка даярдангыла» жолдомосун берди. В. Путин конференцияда сүйлөгөн сөзүндө орус экономикасынын аскердик өндүрүш каржоолорунун арттырылышы керектигин жана жаңы аскердик  инвестицияларга басым жасоо керектигин баса белгиледи.

«Эгерде ийгиликтүү болууну кааласак дагы жакшы болушубуз керек»,- деген Путин  Орусиянын батыш өлкөлөрүнүн аскердик көлөмүн ашып өтүүгө мажбур экендигин баса белгиледи.

2008 -  жылдагы Орусия  - Грузия кагылышуусу менен орус бөлүктөрү мурунку советтик каражаттардан тазаланып, кенен модернизация кыймылын баштаган болчу. Өлкөдө өткөн жылы аскердик каржоолор улуттук кирешеден 3, 3 пайызга ашып рекордго жетишти. Орусиянын аскердик каржоолору эң чоң атаандашы НАТОнун аскердик каржоосунан 30 пайызга дагы аз.

Дүйшөмбү күнү Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй Орусиянын кибердик кол салууларынын дүйнөнү коркуткандыгын белгилеген болчу. Тереза Мэй : «Алардын эмне кылгандыгын билебиз»,- деп Орусияны бутага алышынын себеби Путиндин «согушка даярдык» деген  сөзү экендиги белгиленүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар