Кулаган АКШ учагындагылар табыла баштады

Япониянын коргоо министри Исунори Онодера журналисттерге маалымат берип, учактагы 11 кишиден сегизине жетилгенин айтты.

852876
Кулаган АКШ учагындагылар табыла баштады

Тынч океанга кулап түшкөн АКШ флотуна таандык учакта орун алган  11 кишиден сегизөө табылды.

 АКШнын 7-Флотунун маалымдаганына караганда 11 экипаж жана жүргүнчүсү болгон учактын, «USS Рональд Рейган» учак конуучу кемесине багыт алганда жергиликтүү боюнча саат 2:45те Окинава аралынын түштүк-чыгышында кулап түшкөнүн жарыялады.

Япониянын коргоо министри Исунори Онодера да журналисттерге маалымат берип, учактагы 11 кишиден сегизине жетилгенин айтты.

Онодера, бул кишилердин тирүү болуп болбогону тууралуу маалымат берген жок.

Учактын дагы деле уланган АКШ-Япония бириккен деңиз машыгуусунда орун алганы жарыяланды.

АКШ флоту окуянын себебинин азырынча белгисиз экенин билдирди.

АКШ армиясынын Батыш Тынч океанда олуттуу санда аскерлери бар. Япония жана Түштүк Кореяда он миңдеген Америка аскери жайгаштырылган.

«USS Рональд Рейган» учак конуучу кемеси, өткөн аптада Япония жана Түштүк Корея флоту менен биргелешкен аскердик машыгуу үчүн аймакка жөнөтүлгөн 3 учак конуучу кемесинен бирөө...

Машыгуу ядролук жана баллистикалык ракета программасынын себебинен Түндүк Корея жана АКШнын ортосунда абдан орчундуу чыңалуу болуп жаткан учурда өттү.

7-Флот быйыл Азия деңиздеринде бардыгы 17 аскер каза болгон 2 чоң кырсыкка да күбө болгон.

Августта «USS Джон Маккейн» учак конуучу кемеси Сингапурга жакын жерде мунай зат ташуучу танкер менен кагылыша кетип, 10 деңизчи каза болгон.

Июнда болсо «USS Fitzgerald» учак конуучу кемесинин бир жүк ташуучу кеме менен кагылышуусунан 7 америкалык деңизчи курман болгон.

Кырсыктардан кийин 7-Флоттун командири менен катар 8 жогорку деңгээлдеги аскер кызматкери кызматтан алынган.



Тектеш кабарлар