Дүйнөдө жумушсуз жаш муун

Дүйнөдө жумушсуз жаштар көбөйдү

Дүйнөдө жумушсуз жаш муун

БУУга караштуу Эл аралык эмгек уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда дүйнөнүн жалпысында 70 миллион 900 миң жумушсуз жаш улан-кыз бар.

Эл аралык эмгек уюмунун Швейцариянын Женева шаарында жарыялаган отчетунда, дүйнөнүн жалпысында жумушсуз жаштардын көпчүлүгү 30 пайыз менен араб өлкөлөрүндө экени баса белгиленди.

Эл аралык эмгек уюму, дүйнөдө өзгөчө жаштардын жумуш табуу максатында башка өлкөлөргө көчкөндөрүн, булардын саны да дүйнөнүн калкынын 36 пайызына туура келгени белгиленди.

Башка өлкөлөргө көчкөн жаш калктын 44,3 пайызы Африканын түшүгүндөгү өлкөлөрдөн. Андан соң Түндүк Африка, Түштүк Африка, Кариб өлкөлөрү жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү жаштар турат. АКШнын түндүгүндө жашап башка өлкөлөргө көчүүнү каалаган жаштардын көрсөткүчү болсо 17,1 пайыз.

Эл аралык эмгек уюму жарыялаган отчету аркылуу өкмөттөрдөн жаш жумушсуздардын маселесине чечүүчү жол табууларын өтүндү.

2009-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризис убагында жаш жумушсуздардын саны 77 миллионго жетип рекорд жараткан болчу.



Тектеш кабарлар