Түндүк Корея ядролук дүрмөттөлгөн ракеталарын суу астынан учурууга даярданууда

Түндүк Кореянын ядролук дүрмөттөлгөн ракеталарын деңиздин астынан учура алыш үчүн иш-аракеттерин улантканы белгилүү болду.

Түндүк Корея ядролук дүрмөттөлгөн ракеталарын суу астынан учурууга даярданууда

Түндүк Кореянын ядролук сыноолору жана дүрмөттөлгөн ракета программасынан тышкары, дүрмөттөлгөн ракеталарды деңиздин астынан учура алыш үчүн иш-аракеттерин улантканы белгилүү болду.

Өлкөнүн ядролук жана куралдануу иш-чараларын спутник аркылуу байкаган "38 North" интернет барагы, деңиздин астынан дүрмөттөлгөн ракета программасына далил боло турган спутник фотосүрөттөрүн жарыялады.

Фотосүрөттөрдүн биринде, өлкөнүн чыгыш жээгиндеги Синпо кеме куруучу ишканасында сууга түшүрүлгөн прототип суу астынан сүзүүчү кеме жана жанында сууга кире алган ракета учуруучу баржасы бар экени көрүнүүдө.

АКШнын "Жон Хопкинс" университетине караштуу АКШ-Корея институтунун адистери даярдаган интернет барагындагы Жозеф С. Бермудес кол койгон анализде, фотосүрөттөрдүн Пхеньян бийлигинин, «дүрмөттөлгөн ракета учуруу өлчөмүнө ээ болгон алгачкы суу астынан сүзүүчү кемесин операциялык абалга келтирүү үчүн кызуу аракет кылып жатканын далилдегенин белгиледи. Бермудес, фотосүрөттөрдө бир суу астынан сүзүүчү кеменин басым яхтасы болгону божомолдонгон эки чоң тоголок нерсенин, башка бөлүкчө жана шаймандары менен кошо кеме куруучу ишканага ташылганы көрүнүп турат.

Рампа жана мунара крандарынын тынымсыз кыймылдап турушу активдүү курулуш программасынын бар экенинин белгиси.

Башка бир фотосүрөттө да учуруу сыноосу үчүн даярдалган ракета платформасы көрүнүүдө.

Фотосүрөттөрдү карап туруп, программанын кандай баскычта болгонун билүүнүн кыйын экенине көңүл бурган адистер, Пхеньян бийлигинин деңиз астынан атыла алган дүрмөттөлгөн ракета көлөмүн өнүктүрүп, кургактыкта жайгашкан ядролук күчтөрү жана ракета платформалары бутага алынган учурунда альтернативалык чабуул мүмкүнчүлүнүнө ээ болууну каалаганынын сереби салынды.



Тектеш кабарлар