Түндүк Корея АКШны кайра коркутту...

Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Ча Сон Нам, Түштүк Корея менен биргелеше өткөргөн машыгууларынын да ядролук согуш коркунучун арттырганы менен эскертти.

Түндүк Корея АКШны кайра коркутту...

Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Ча Сон Нам, АКШнын Түштүк Корея менен жүргүзгөн биргелешкен машыгууларынын ядролук согуш коркунучун күчөтүп жибергени боюнча эскертти.

Ча Сон Нам, БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерришке жиберген катында АКШнын акыркы жолу үч учак конуучу кемеси менен катышкан биргелешкен машыгууларынын Корея жарым аралында чыңалууну күчөтүп, аралда «ушул убакка дейре болгон эң жаман кырдаалга» себеп болгонун белгиледи.

АКШнын суук согуш мезгилиндеги ядролук ракета дүрмөттөлгөн В-52 стратегиялык бомбардир учактарын кайрадан учура баштаганын айткан Ча, Түштүк Корея менен биргелеше өткөргөн машыгууларынын да ядролук согуш коркунучун арттырганы менен эскертти.

Ча, АКШнын тынымсыз түрдө жыл бою уланткан ядролук согуш машыгуулары жана шантаждарынын Түндүк Кореянын «тандаган жолу туура экенин көрсөткөнүн жана акырына дейре бул жолду уланта тургандарын» билдирди.

Корея жарым аралынын айланасында башталган жана Түштүк Кореядан 7 флот кемеси менен АКШнын флотунан «USS Нимиц», «USS Теодор Рузвельт», «USS Рональд Рейган» аттуу үч учак конуучу кемеси жана 11 согуштук кемеси катышкан машыгуунун 14-ноябрга дейре улана турганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар