Бреннанга Кремлден жооп

Бреннан: «Трамп Путинден коркуп жатат»,- деген болчу

Бреннанга Кремлден жооп

«АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден коркуп жатат» деген АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын мурунку директоруна Кремлден жооп айтылды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, CIAдин мурунку директору Жон Бреннандын Трамптын Путинден коркуп жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүнүн туура эмес экенин белгиледи.

Песков кечээки маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп катары: «Бул туура эмес божомолдоо»,- деди.

Трамптын Путин жана АКШдагы шайлоолорго орустардын кийлигишүүсү жөнүндөгү билдирүүсүнө сереп салган Бреннан, АКШнын президентинин орус лидер тарабынан коркутулганын же Москванын жүргүзүп жаткан териштирүүсүнүн жыйынтыктарынан коркуп жатканын ойлогонун айткан эле.



Тектеш кабарлар