Афганстанда Талибан полициялык пункттарга кол салды

Кол салууда 22 полиция каза болду.

Афганстанда Талибан полициялык пункттарга кол салды

Афганстандын Кандахар шаарында террордук уюм Талибан мүчөлөрүнүн полициялык пунктуна карата кол салуусунда 22 полиция каза болду. Кандахар коопсуздук директорлугунун катчысы Зия Дурани террордук уюм Талибан тарабынан кечээ кечки сааттарда Мейвенд жана Жирей райондорундагы полиция пунктарына бирдей учурда жасалган кол салууларда 15 полициянын да жаралангандыгын белгиледи.

Дурани кол салуудан кийин чыккан кагылышуунун 2 саатка жакын созулгандыгын, Талибан мүчөсү 40 террористтин өлтүрүлгөндүгүн, 35нин да жаралангандыгын белгиледи. Талибан болсо кол салууда 40тан ашуун коопсуздук кызматкерин өлтүрүшкөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар