Кытайдын тар коридордуу учагы

Кытайдын тар борттуу жүргүнчү учагы C919 алгачкы узун аралыктуу каттамын ишке ашырды.

Кытайдын тар коридордуу учагы

 

Кытай борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда өлкөнүн жергиликтүү жүргүнчү учагы алгачкы узун аралыктуу каттамын ийгиликтүү аяктады.

Глобалдык реактив жүргүнчү учагы базарында Боинг 737 жана Airbus A320 менен конкуренцияга кире турган C919  өлкөнүн финансы шаары Шанхай Пудонг аэропортунан учкандан кийин 1300 километрди басып өтүп, Шаанши аймагынын борбор шаары Шиандагы Янлианг аэропортуна аман  - эсен конду.

Прототиби 2015 -  жылы ноябрда  чыгарылган жана 158 жүргүнчүнү алган тар коридордуу C919дун аралыгы 4 миң 75 километрге жетет.  Биринчи каттамын май айында аткарган тар коридордуу жүргүнчү учагынын 2 триллион долларлык реактив жүргүнчү учагы базарында Боинг 737 жана Airbus A320 менен конкуренцияга кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар