Чыгыш Гутада адамдар жашоо үчүн күрөшүп жатат

Чыгыш Гута аймагында 400 миңге жакын жаран жакырдык, ачкачылык жана кыйын шарттарда жашоо үчүн күрөшүүдө.

Чыгыш Гутада адамдар жашоо үчүн күрөшүп жатат

Сирияда Башар Асад режими блокада астында кармап турган Чыгыш Гута аймагында 400 миңге жакын жаран жакырдык, ачкачылык жана кыйын шарттарда жашоо үчүн күрөшүүдө.  

Аймакта 14 айлык бир бөбөк менен бир жаш жеткинчек ачкачылык жана дары – дармектин жоктугунан каза тапты. Режим 7 айдан бери катуу текшерүүгө алган блокаданын айынан аймакка мыйзамсыз жолдор менен кирген азык  - түлүктөр менен дарылардын кириши да токтоту.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын кеңешчиси  Ян Эгеланд кечээки билдирүүсүндө Чыгыш Гутага  баруу уруксатынын жок экендигин белгилеп, жүздөгөн оорулуунун чукул түрдө медициналык жардамга муктаж экендигин, 7 киши аймактан чыгарыбагандыктан  каза болгонун айткан болчу. Эгеланд бул оорулуулардын 29зунун абалынын коркунучтуу эмес экендигине көңүлдөрдү бурду



Тектеш кабарлар