Картаюуну кечеңдеткен азык

Ак козу карындын пайдасы

Картаюуну кечеңдеткен азык

АКШдагы илимпоздордун изилдөөсүнө караганда, ак козу карынды дайыма жеп турса картаюуну жайлатат.

Пенсильвания университетинин интернет баракчасында жарыяланган кабарга караганда, илимпоздор ак козу карындарда картаюуну кечеңдеткен эки антиоксидант болгон эрготионеин менен глутатиондун бар экенин аныкташты.

Бул антиоксиданттар, стресстин адамдын денесине болгон терс таасирлерин жок кылышына жардам берет.

Пенсильвания университетинен проф.др. Роберт Бильман, эрготионеиндин жогорку температуларга туруштук бергенин белгилеп, термикалык иштетүүлөрдүн козу карындардагы антиоксидант катнашына таасир тийгизбей турганын айтты.



Тектеш кабарлар