Эммануэль Макрон Сауд Аравияга барды

Борбор шаар Риядда жолугушууларды өткөргөн Макрондун күн тартибинде террор менен күрөш жана Ирандын баллистикалык иш чаралары орун алды

Эммануэль Макрон Сауд Аравияга барды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Бириккен Араб Эмирликтериндеги жолугушууларынн киийн Сауд Аравияга күтүлбөгөн сапар менен барды. Борбор шаар Риядда жолугушууларды өткөргөн Макрондун күн тартибинде террор менен күрөш жана Ирандын баллистикалык иш чаралары орун алды. Макрон террор менен күрөшүүдө Рияд башкаруусу менен иштөөнүн жана аймагынын ырааттуулугу үчүн эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүүнүн турмуштук мааниге ээ экендигин айтты. Франциянын президенти Рияддагы жолугушууларында Ливандын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышына да көңүлдөрдү бурду.

Макрон Ирандын баллистикалык ракета иштери тууралуу : «Ирандын баллистикалык иштеринен башка бардык аймакта келишпестикке жол ачкан гегемония каалоосуна алкак сызуу керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар