ТИКА Өзбекстанга саламаттык сактоо жаатында колдоо көрсөтүүдө

Өзбекстанда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен 691 бала текшерилип, 141 бейтап операция болду.

831283
ТИКА Өзбекстанга саламаттык сактоо жаатында колдоо көрсөтүүдө

ТИКА, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги, Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги, Өзбекстандын Дени-сак бала фондунун кызматташуусунда 9- Пластикалык операциялар долбоору Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун борборундагы Термез шаарында ишке ашырылды.

ТИКАнын билдирүүсүнө караганда, ТИКАнын колдоо жана координациясындагы 9- Пластикалык операциялар долбоору аркылуу Термез шаарында 691 бала текшерилип, 141 бейтап пластикалык операция болду.

Сурхандарыя областынын губернаторунун орун басары Мавлуда Кабулова да бул долбоордун аймактын эли үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

ТИКАнын Ташкен координатору Али Ихсан Чаглар, Термездеги бул операциялардын ТИКАнын колдоосу менен көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан кызматташуу долбоорлорунун натыйжасында, ошондой эле бирдей тарых жана маданиятка ээ болгон өзбек-түрк элдеринин туугандык байланыштарынын негизинде болгонун айтты.

Пластикалык операциялар долбоору мурдагы жылдарда Өзбекстандын Бухара, Самарканд, Фергана, Каракалпакистан автономдуу аймагы жана Наманган шаарларында ишке ашкан болчу.



Тектеш кабарлар