Шинмоедаке вулканы жанданды

Жанар тоодон күл бүркүп жатат

Шинмоедаке вулканы жанданды

Япониянын түштүк-батышындагы Шинмоедаке вулканы жанданды.

Япониянын метеорология агенттигинин билдирүүсүндө, Шинмоедаке вулканынын 6 жылдан кийин кайрадан жарылганы жана 1,7 километр бийиктикке чейин күл бүркүп жатканы белгиленди.

Япония телеканалы TBSде орун алган кабарларда жанар тоодон бүркүлгөн күлдөрдүн 4 шаарга чейин жеткени маалымдалды.

Жер титирөө жана вулкандык аймакта жайгашкан Японияда 100дөн ашуун активдүү жанар тоо бар.



Тектеш кабарлар