Мадуро Трампка рахмат айтты

Мадуро : «Демек бир нерселерди туура аткарып жатам».

Мадуро Трампка рахмат айтты

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзүн дайыма сынга алган АКШнын президенти Дональд Трампка рахмат айтып : «Мени бүткүл дүйнөгү белгилүү кылды»,- деди.

Мадуро : «Демек бир нерселерди туура аткарып жатам»,- деди.

Мамлекеттик телекөрсөтүүдө жарыяланган жумалык программада сөз сүйлөгөн Мадуро Трампка кайрылып : «Мени бүткүл дүйнөгө белгилүү кылдыңыз. Менден сөз кылган сайын мени дагы жакшы көрүп жатышат»,- деди.

Трамптын өзүн жана Социалист партиясын бат  - бат сынга алгандыгын белгилеген Мадуро АКШ президентинин Венесуэла оппозициясынын лидери болгондугун айтты. Трамп Мадуро өкмөтүнүн «диктатор» экендигин жактап жана өлкөдөгү демократияны бастыргандыгын ортого салган. Мадуро болсо буга жооп катары Вашингтондун Венусуэланын ички иштерине аралашуу менен режимди алмаштыруу максатында экендигин билдирген.



Тектеш кабарлар