Израиль жерлерди конфискациялады

Израиль армиясы басып алган Батыш Шериада 36 гектардык аянтты конфискациялады.

Израиль жерлерди конфискациялады

Израиль армиясы басып алган Батыш Шериада 36 гектардык аянтты конфискациялады. Иордания өрөөнүндөгү еврей отурукташуу жерлери досьесинин жетекчиси Мутаз Бишара конфискацияланган аянттардын палестиналык дыйкандарга таандык экендигин айтты. Бишара : «Израиль армиясы бүгүн Иордания өрөөнүнүн түндүгүндөгү Бадара аймагында жашаган дыйкандарга 36 гектардык аянттын конфискацияланышы тууралуу чечимди билдирди.

Дыйкандардын колунда бул жерлердин документтери бар жана ондогон жылдан бери бул жерлерде айыл – чарба иштери жүргүзүлүүдө. Бул конфискациялоо чечиминин максаты еврей отурукташуучуларынын пайдасына палестиналыктарды бул жерден сүрүп чыгаруу»,- деди.

Басып алынган Батыш Шериадагы Иордания өрөөнүндө 10 миңге жакын палестиналык жашап жатат. Бул аймактагы палестиналыктар дыйканчылык жана мал  - чарбачылык менен күн көрүшүүдө.

Израиль армиясы мыйзам тышы 21 еврей отурукташуу жери болгон Иордания өрөөнүнүн 80 пайызынан ашыкчасын кармап турат.



Тектеш кабарлар