Дүйнөнүн эң чоң адамзат кризиси Араканда

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер боюнча жооптуу катчы орун басары Марк Лобок, БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында аракандык мусулмандар тууралуу маалымат берди.

Дүйнөнүн эң чоң адамзат кризиси Араканда

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер боюнча жооптуу катчы орун басары Марк Лобок, БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында ЮНИСЕФтин башкы директору Энтони Лейк менен бирге өткөн күндөрдө Бангладештеги баш калкалоочу лагерлерге барып, маселелерди ал жерге барып байкагандарын айтты.

Бангладеш өкмөтү жана калкына аракандык мусулман баш калкалоочуларга көрсөткөн колдоосунан улам ырахматын айткан Лобок, «Дүйнө жүзү Бангладеш өкмөтү жана калкына, баш калкалоочуларга көрсөткөн колдоосунан улам ырахмат айтышы керек»,-деди.

Лобок: «Дүйнөнүн эң чоң адамзат кризистеринен биринин Аракандын түндүгүндө болгонун» баса белгилеп, жүз миңдеген баш калкалоочунун Бангадешке өтүш үчүн күтүүлөрү уланып жатканы боюнча эскертти. Лобок, мунун уланган учурунда БУУ катары жаңы адамзат кризистерине даяр болуулары керектигин белгилеп өттү.

Мьянма өкмөтүнө Аракан провинциясына БУУнун толук жана шартсыз кирүү уруксатын бериши чакырыгын кайталаган Лобок, аймактагы абалдын адам чыдагыс экенин айтты.

Лобок, 23-октябрда Швейцариянын Женева шаарында аракандык баш калкалоочуларга жардам максатында эл аралык конференция өткөрүлө турганын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар