Марска саякат үчүн дата белгилүү болду

Адамдар Марска качан саякат кыла башташат?

Марска саякат үчүн дата белгилүү болду

Space X компаниясынын негиздөөчүсү Элон Муск, Марска саякаттарын 2024-жылы баштоону пландагандарын айтты.

Элон Муск Австралиянын Аделаида шаарында Эл аралык космостук сапарлар конференциясындагы сөз сүйлөөсүндө, саякаттарда колдонула турган космостук кемелердин келээрки жылы курула баштай турганын, максаттарынын 2024-жылы адамдарды Марска учуруу экенин билдирди.

Түштүк Африка улутундагы ойлоп табуучу Муск "Планеталар аралык транспорт системасы" долбоору катары билинген ракета системасынын, Жер бетинде шаарлар арасындагы узак учууларды да жарым сааттын астына түшүрө алаарын айтты.

Системанын негизинде АКШнын Нью-Йорк шаарынан Кытайдын Шанхай шаарына 40 мүнөттө барса болоорун билдирген Муск, Планеталар аралык транспорт системасынын алгачкы жүк ташуучу версияларынын (учкучсуз) 2022-жылы Марска бараарын да айтты.



Тектеш кабарлар