Азап тарткан Рохинжа мусулмандары

Күн тартиби-38

Азап тарткан Рохинжа мусулмандары

Азап тарткан Рохинжа мусулмандары

Айлар бою бир азчылык, эгемендүү өлкө тарабынан өз атуулдары болгонуна карабастан систематикалык түрдө өлтүрүлүп үйлөрү, айылдары жана шаарлары талкаланып жатат. Үйлөрү жана шаарлары жок кылынып эле тим болбостон адамдар; бала, кары-картаң, аял дебестен өрттөлүп же касапчылардын бычактары менен кескиленип жатат. Балдар, кары-картаңдар чоң сууларга ыргытылып чөгүп кетүүдө. Бул мыкаачылыктын бардыгын кылган бир мамлекет менен мамлекет колдогон буддист кечил, аскер жана жарандар.

Өлтүрүлгөндөр негизи рохинжалыктар эмес, адамзаттын дал өзү. БУУ менен катар бүткүл эл аралык уюмдар бул кыргынга үн каткан жок. Рохинжалыктар мусулман болгондоруна карабастан ондогон Ислам өлкөлөрүнөн бир дагы үн чыккан жок. Жалгыз гана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган бул кыргынга каршылык көрсөтүп, дүйнө жүзүнүн күн тартибине койду.

Адам укуктары эле эмес, экология жана жаныбарларды коргоо темасында да абдан сезимталдуу мамиле кылган Европа Биримдиги менен Батыш өлкөлөрүнүн бардыгы тең бул мыкаачылыкка каршылык көрсөтүшкөн жок.

Европа менен Батыштын бүткүл адамдык баалуулуктары 35 жылдан бери ушул эле батыш дүйнөсү тарабынан жок кылынып келе жатат. Эми батыштын колунда эч бир аргумент калган жок. Качан гана Батыш менен өзгөчө Европа Биримдиги «адам укуктары, демократия» дегенде ар ким бул сөздөрдүн артында экономикалык кызыкчылыктардын турганын эми билет. Бул ачуу чындыкты айрым абийирдүү батыштыктар да жакшы билишет. Батыш өз баалуулуктарын түгөтүп, өзүн жок кылган цивилизация катары тарыхта калат. Эң эле жаманы биз бул трагедияны көрө турганыбыз.

Батыш өлкөлөрү чейрек кылым мурда Европанын чок ортосунда Босния-Герцеговинада сербдердин кыргын салуусун көрмөксөнгө салып, өз өлүм жазасын даярдады. Андан соң Либериядагы жарандык согуштагы мамилеси. Жана дагы албетте Ирак менен Ооганстанды чындыкка жатпаган себептер менен басып алуусу Батышка болгон ишенимди азайтты. Араб жазындагы мамилеси бардык үмүттөрдү жок кылды.

Демократиялык ыкма менен Египет элинин көпчүлүгү шайлаган Мухаммед Мурсинин бийликтен кулатылышында төңкөрүшчүлөргө колдоо көрсөтүшү, батыштык баалулуктардын акыркы деми болду.

Түркияда да демократиялык ыкмалар менен шайланган президентти бийликтен кулатууга аракет кылган козголоңчуларга Батыштын кучак жайышы, алардын эки жүздүүлүгүн ортого салган акыркы окуя болду. Түркияда төңкөрүш аракетин кылган аскерлер жүздөгөн жаранды курман кылып, миңдегенин да жаралашкан. Батыш дүйнөсү жана Европа Биримдиги бул террористтерге кучак жайып, бардыгына качкын статусун берди.

Учурда Батыштын Рохинжадагы мыкаачылыкка үн катпашына эми эч ким деле ызаланбайт. Анткени адамдар билишет демократия, тең укуктуулук, адам укуктары, адеп-ахлак сыяктуу түшүнүктөр Батыш үчүн бир гана кызыкчылыктары үчүн колдонулган ыкма болуп саналат. Рохинжадагы кырдаал негизи Сирия, Ирак, Ливиядагы сыяктуу кошоматчылык согушунун окшошу болуп саналат.

Батыш дүйнөсүнүн эң чоң аскердик жана экономикалык күчү, Кытайдын экономикалык күч катары жогорулашын жана Жибек Жолунун ишке ашырылышын каалабайт.

Дүйнөлүк деңиз соодасынын жарымынан көбү Малакка кысыгынан өтөт. Малакка кысыгына ээлик кылган аймакта Кытайга кеткен мунай зат жана газ куурлары бар. Кытай үчүн абдан маанилүү болгон бул эки энергетикалык куурдун коркунуч астында болушу, Кытайдын экономикасына терс таасирин тийгизет. Бул түтүк жолдор Рохинжа аркылуу өтөт. Мьянма мамлекети көз карандысыздыгын алган күндөн бери Рохинжа мусулмандарына ар түрдүү кысым жана күч колдонуп келе жатат. Бирок 2010-жылдан бери бул кысым геноцид жана этникалык тазалоого чейин барды. Күч колдонуу кагылышууну алып келди жана ошондой эле ачарчылык менен күрөшүп жаткан Рохинжада заманбап жана кымбат баалуу куралдар менен жабдылган террордук уюм пайда боло калды. Бул террордук уюм рохинжалыктардын укуктары үчүн күрөшмөк. Бирок кылган ар бир кыймылы рохинжалыктарды өлүм менен сүргүнгө алып барды.  

Кытайдын маанилүү энергетикалык куурлары жана деңиз соодасынын 80 пайызына жеткен бөлүмүнүн Малакка кысыгынан жүргүзүлүшү, бул өлкөнү коркунуч катары көргөн экономикаларды жаңы чара көрүүлөрдү табууга түрттү. Ооганстан менен Иракка жалган массалык кыргын салуучу куралдарды жок кылуу үчүн кирген Батыш дүйнөсүнүн күчтүүлөрүнүн максатынын абдан башкача экени ортого салынды. Ядролук жана массалык кыргын салуучу куралдардын жок экени аныкталгандан кийин Батыш өз аскерлерин дагы деле бул өлкөлөрдөн эмнеге чыгара электигин сураган интеллигенттердин болбошу кызык эмеспи?

1991-жылдан бери Батыштын Жакынкы Чыгышта жүргүзүп келе жаткан кошоматчылык согуштары тилекке каршы Азияга да жайылды. Кааларыбыз Мьянма мамлекети иштеп чыккан планы басымдуулук кылып жана бетме-бет келген коркунучтан өзүн куткарат деп ойлойбуз. Рохинжа мусулмандарына геноцид кылынып аймактын коопсуздук, этникалык жана саясий картасы өзгөртүлүүгө аракет кылынууда. Бул окуялар бир гана рохинжалыктар менен чектелип калбаары анык. Биз дүйнө жүзүнүн ушул сыяктуу ыпылас кошоматчылык согуштарга кабылбашын каалайбыз.



Тектеш кабарлар