Түндүк Корея тыйылбаса АКШ аскердик чабуул коет...

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли,CNN телеканалына маалымат берди.

808848
Түндүк Корея тыйылбаса АКШ аскердик чабуул коет...

АКШ Түндүк Кореяны аскердик чабуул кое турганы менен коркутту...

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, БУУнун коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын атомдук программасын тизгиндей турган альтернативалары түгөнгөнүн жана АКШнын бул теманы Пентагонго өткөрүп бере ала турганын айтты.

Хейли, CNN телеканалына берген маалыматында, «Түндүк Корея, атомдук программасын чемемсиз түрдө уланта турган болсо АКШ өзүн жана шеркитештерин коргоого аргасыз болот жана Түндүк Корея жок кылынат. Баарыбыз тең муну билип турабыз, бирок эч бирибиз согушту каалбайбыз»,-деди.

Колдорундагы бардык альтернативаларды колдонгондорун белгилеген Хейли, аскердик альтернативалардын үстөлдө экенин айтты.

Хейли, АКШнын президенти Дональд Трамптын, «Түндүк Кореянын АКШнын каарына кала турганы» жөнүндөгү коркутуусуна карабастан Пхеньяндын Гуам аралын ата турганы менен коркутканын, суутек бомбасын сынаганын жана учурган эки баллистикалык ракетасынын Япониянын үстүнөн учканын эске салды.

 «Трамп куру эле коркутуу кылдыбы?» деген суроо узатылган Хейли буларды айтты: «Куру коркутуу эмес болчу. Түндүк Корея жоопкерчиликсиз кыймыл кылып жатканда биз жоопкерчиликтүү мамиле кылдык жана бардык дипломатиялык жолдорду сынадык. Коопсуздук кеңешинде кыла ала турганыбыз дээрлик бардык альтернативаны түгөткөн абалдабыз. Түндүк Корея маселесин ыраазычылык менен генерал Маттиске өткөрө аламын. Анткени анын бир топ аскердик альтернативасы бар. Биз жоопкерчиликти моюнга алып бардык дипломатиялык жолдорду сынагыбыз келди. Эгер булар ишке жарабаса генерал Маттис керектүү нерсени кылат».



Тектеш кабарлар