Орусиянын жаңы Вашингтон элчиси

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Анатолий Антонов Орусиянын Вашингтондогу элчиси болуп дайындалды.

794039
Орусиянын жаңы Вашингтон элчиси

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Анатолий Антонов Орусиянын Вашингтондогу элчиси болуп дайындалды. Кремлден берилген маалыматта Орусиянын президенти В. Путин тарабынан кол коюлган жарлык менен Антоновдун Орусиянын Вашингтон элчиси катары дайындалгандыгы белгиленди.

Кызмат мөөнөтү 22 -  июнда аяктаган Орусиянын Вашингтондогу мурунку элчиси Сергей Кисляктын ордуна дайындалган Антонов өлкөсүнүн АКШдагы туруктуу байкоочусу катары да кызмат кылат.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басарлыгын 2016 -  жылдан бери аткарып келген, 62 жаштагы орус дипломат 2011 – 2016 -  жылдары Орусиянын коргоо министрлигинин орун басары кызматын аткарган.

 

 

 



Тектеш кабарлар