Украина орус кол салуусунан тынчсызданууда
Украина коопсуздук сервисинин төрагасы Василий Грицак Орусиянын террордук кыймылдарды жана кол салууларды жасай тургандыгына байланыштуу маалымат алышкандарын билдирди.
Украина коопсуздук сервисинин төрагасы Василий Грицак Орусиянын Украина жерлеринен араздашууларды арттыра турган террордук кыймылдарды жана кол салууларды жасай тургандыгына байланыштуу маалымат алышкандарын билдирди.
Грицак өткөргөн пресс - жыйынында орус чалгындоо кызматкерлеринин Украинадагы иштерин күчтөндүргөндүгүн айтты.
Орусия чалгындоосунун Украинага террордук кол салуу жана маанилүү ысымдарга кол салуу жасоо үчүн атайын чалгындоо топторун жибергендигин ортого салган Грицак : «Орусия федералдык коопсуздук сервиси Украина жерлерине террордук кол салуу үчүн чалгындоо топторун жиберүүнү улантууда. Негизги максат стратегиялык мааниге ээ болгон жерлер, негизги базистик системалар, коомдо маанилүү орунга келген оппозициядагы же бийликтеги кишилерге кол салуу жасоо»,- деди.
Грицак Украина чалгындоосунун акыркы мезгилдерде террордук кол салуу жана кол салууга даярданган кээ бир топторду ортого чыгаргандыгын да белгиледи.
Бир канча убакыт мурда Орусия федералдык коопсуздук сервиси Крымда саботаж үчүн даярданган бир Украина чалгындоо кызматкеринин кармалгандыгын ортого салып, Украина чалгындоосу менен Орусиянын ойлорун : «Провакация жана жарым арал калкын коркутуу үчүн чыгарылан жалган кабар»,- деп мүнөздөдү.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.