Египетте 33 миң тарыхый чыгарма жоголгон

50 жылда 32 миң 683 тарыхый чыгарма жоголгон.

791818
Египетте 33 миң тарыхый чыгарма жоголгон

Египетте 50 жылда 33 миңге жакын тарыхый чыгарма жоголду. Тарыхый чыгармалар министрлиги тарабынан берилген  жазуу түрүндөгү маалыматта министрлик тарабынан жасалган инвентардык катоонун акырында акыркы 50 жылда 32 миң 683 тарыхый чыгарманын ортодон жок болгондугу аныкталгандыгы белгиленди.

Маалыматта жоголгон чыгармалардын табылышы үчүн Интерполь башта болгон тийиштүү эл аралык мекемелер менен кызматташтыктын түзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгы билдирилди. Кайсы чыгармалардын жана кандай жок болгондугу тууралуу коомчулукка маалымат бербеген министрлик 25 -  январь төңкөрүшүнөн кийин өлкөдө болгон ыраатсыздык чөйрөсүндө кээ бир чыгармалардын жоголгондугун эске салды. Кээ бир учурларда өлкө тышына качырылган чыгармалардын кайра кайтарылып берилгендигин айткан Египет өкмөтү тапшырылган чыгармалардын саны менен алынган өлкөлөрдү коомчулукка билдирди.



Тектеш кабарлар