Түндүк Корея АКШга кол салган учурда Aвстралия жардамга барат

ANZUSтун кызматы АКШга жардам берүү

Түндүк Корея АКШга кол салган учурда Aвстралия жардамга барат

Австралиянын премьер-министри Малькольм Тернбулл, Түндүк Корея кол салуу баштаткан учурда АКШга колдоо көрсөтө тургандарын билдирди.

Малькольм Тернбулл, Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда күчөгөн чыңалуу жана Пхеньяндын Гуамга кол салуу коркутуусуна байланыштуу 3AW радиосуна маек куруп берди.

Австралия менен АКШнын ортосунда кол коюлган «Австралия, Жаңы Зеландия, Америка Кошмо Штаттары (ANZUS) Коопсуздук келишиминин» жоболорунун ачык экенин белгилеген Тернбулл: «Америка албетте Австралия менен катар бардык шериктештерин колдоодо жана биз да АКШны колдойбуз. Ушул себептен АКШга кол салуу болгон учурда ANZUS жардамга барат. Австралия кол салууга дуушар болгондо АКШнын жардамга келээри сыяктуу биздин да кызматыбыз Америкага жардам берүү»,-деп айтты.

Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШнын ортосунда 1951 жылы кол коюлган ANZUS Коопсуздук келишими, аты аталган өлкөлөр Тынч океан аймагында кандайдыр бир кол салууга дуушар болгон учурда бири-бирлерине жардам берүүлөрүн көздөөдө.

Түндүк Кореянын расмий KCNA маалымат агенттиги, Пхеньян башкаруучулугунун Гуам аралына Hwasong-12 орто жана алыс аралыкка атуучу баллистикалык ракета менен кол салууга даярданып жатканын билдирген болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны өлкөсүн коркутуудан баш тартууга чакырып, бул чакырыкка кулак салбаса Пхеньяндын АКШнын каараны калаарын айткан эле.



Тектеш кабарлар