Нидерландия жумуртка кризиси боюнча дооматтарды моюнга алды

Нидерландия өкмөтү, өкүлдөр палатасынын ноябрь айында жумурткаларда фипронил аныкталгандыгы тууралуу ырастоолор боюнча баштаткан иликтөөлөр үчүн сунушталган экинчи отчетто дооматтарды моюнга алды.

Нидерландия жумуртка кризиси боюнча дооматтарды моюнга алды

Убактылуу өкмөттүн саламаттык сактоо, социалдык жардамдашуу жана спорт министри Едит Схипперс менен  экономика министрлигинин мамлекеттик кеңешчиси Мартейн ван Дамдын өкүлдөр палатасына экинчи ирет сунуштаган отчетунда, ноябрь айында Нидерландияда Азык-түлүк коопсуздук бийлигине, аты-жөнү белгисиз бир адамдын айткан тоок чарбачылыктарында фипронил аттуу курт-кумурскаларга каршы дары колдонулгандыгы тууралуу маалыматтын билип туруп эле Өкүлдөр палатасына сунушталган биринчи отчетко киргизилбегендиги белгилүү болду.

Жогоруда айтылган билдирүүнүн, чаташкан жаза иликтөөсүнүн бир бөлүгү болгону жана иликтөө жыйынтыкталбаганы үчүн алдын-алуу максатында алгачкы отчетто орун албаганы айтылды.

Ошондой эле фипронил менен тоокканалардын дезинфекциялангандыгы тууралуу билдирүүнүн, жумурткалардын мындай шарттан таасирленүүсү үчүн себеп болбогондугунан ал убакытта көңүл бурулбаганы айтылды.

Отчетто: “ Иликтөө мекемелери бул үчүн өкүнүчтө. Фипронилдин  жумурткаларга болгон таасирине байланыштуу маалыматтын ушул убакытта колубузга тийген маалымат болгондо, тиешелүү мекемелер бул окуяга сөзсүз башкача баа бермек ”- деп жазылат.

Бельгиянын айыл-чарба министри Денис Дюкер, Нидерландия өкмөтүнүн 2016-жылы ноябрь айында жумурткаларда фипронил аныкталганына байланыштуу талаптарынан улам Өкүлдөр палатасы иликтөө баштаган.

Бельгиянын айыл-чарба министри Денис Дюкер , Бельгиянын азык-түлүк агенттигинин, Нидерландиянын 2016-жылы ноябрда жумурткаларда фипронил аныкталганына байланыштуу расмий документ колго тийгенин ырастоо менен Нидерландияны күнөөлөгөн.

Нидерландия, Германия жана Бельгияда уу-дуу болгон жумуртка кризиси, жумуртка экспорттоо менен  Франция, Англия, Швеция, Швецарияга да  жеткен.

Жалпы Европада жайылган жумуртка кризисинин Бельгиянын Анверс шаарында жайгашкан Равел аттуу компаниянын, фипронил аттуу курт-кумурскага каршы дарыны Дега-16 деген тазалоочу каражатына аралаштырылганынан улам келип чыкканы божомолдонууда.



Тектеш кабарлар