Йеменде холера оорусу калкты жадатып бүттү

Чек арасыз дарыгерлер уюму Йеменде холера илдетинен жабыр тарткан 82 миң киши жана 67 миң согуш жарадарларын  дарылашты.

Йеменде холера оорусу калкты жадатып бүттү

Чек арасыз дарыгерлер уюму билдирген жазуу түрүндөгү маалыматта, Йеменде саламаттык сактоо топтору акыркы эки жыл беш айда аял жана балдардан турган жаралуулардан 67 миңи, апрель айынан тарта холера илдетинен жабыр тарткан 82 миң кишинин кароодон өткөнү маалымдалды.

Йемендеги 12 аймакта, 40 ооруканада, ден-соолукка колдоо бар экендиги билдирилген маалыматта, согуштун натыйжасынан ден-соолук жаатында чоң кемчилик бар экени, медициналык кызматтарда кемчиликтер көп болгондугун жана бул себептен миллиондогон адамдардын жардамга муктаж болгондугу айтылды.

Маалыматта эл аралык уюмдарга йемен калкына жардам жана колдоону арттырууга чакырылды.

Йеменде эки жылдан узун убакыт уланган чыр-чатактардын себебинен улам өлкө ичинде үйүнөн ажыраган  3 миллионго жакын кишинин, таза суунун болбошу жана таштандылардын чогултулбашынын себебинен күн сайын холерага чалдыгуу коркунучу бар.

Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги холера ылаңынын дээрлик өлкөнүн бардык аймагына жайылганын жана болжол менен 2 миң кишинин холерадан көз жумганын жарыялады.

Көп жылдардан бери саясий ыраатсыздык болгон Йеменде хусилер жана аларга колдоо көрсөткөн бийликтен кеткен мамлекет башчысы Али Абдуллах Салихтин жактоочулары менен Сауд Арабия баштаган эл аралык коалиция колдоогон мыйзамдуу өкмөт күчтөрүнүн  арасындагы чыр-чатактар, өлкөнүн айрым шаарчаларында уланууда.

 



Тектеш кабарлар