Кипр сүйлөшүүлөрү

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-29

Кипр сүйлөшүүлөрү

Швейцариянын Кран-Монтана кыштагында уланган Кипр сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. Биз да бул аптадагы уктуруубузда Кипр сүйлөшүүлөрү жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Кипр маселелери дүйнөнүн көптөн бери чечиле албаган маселелеринин бири. Жер Ортолук деңиздин ортосундагы бул стратегиялык арал глобалдык маселе катары акыркы күндөрдө кайра дүйнөлүк медианын күн тартибинде. Чындыгында жакынкы убактарда маселенин чечилишине жакындашты. Эске сала кетсек 2005-жылы «Аннан планы» референдумга алып барылды. Бул процесстин аягы ийгиликсиз жыйынтыкталды. Түрк тарабы Аннан планына макул добушун берсе дагы румдар каршы добушун берди. Буга карабастан Европа Биримдиги румдарды сыйлыктандырды. Түштүк Кипрди өз дипломатиялык мыйзамдарын тебелеп мүчөлүккө кабыл алды.

Эң акыркы жолу БУУнун башкы катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйденин байкоосунда 28-июнда Кипр сүйлөшүүлөрү кайра башталды. Орто эсеп менен 10 күн бою тыгыз уланган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Сүйлөшүүлөрдө чыгарылган кескин жашыруундуулук чечимине Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Англия толук түрдө баш ийишти. Бирок Греция менен Түштүк Кипр Рум Бөлүгү Түрк тарабынын сунуштарына кошумчаларды да кошуп медиага өткөрүп жиберди. Ушундайча Түрк тарабын бузууга аракет кылды. Айрыкча ошондой эле Рум тарабы, конференция уланып жатканда БУУнун жашыруундуулук чечимин чыгарган документ жана маалыматтарын БУУ жана Түрк тарабынан мурда өз массалык маалымат каражаттарына жасалмалоо менен өткөрүп жиберди.

Түрк тарабы психологиялык үстөмдүгүн алгачкы күндөн тарта сергек кармап улантты. Орчундуу иш-аракеттерди жасады. Сунуштарды медиага өткөрбөстөн жалгыз гана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен бөлүштү. Медиа аркылуу тирешүүнүн ордуна башкы катчы жана БУУ аркылуу макулдашуу стратегиясын жүргүздү.

Бул ирет сүйлөшүүлөрдөн бир келишим чыга турганы багытында коомдук пикир чоң күтүүдө эле. Ал эмес Кипрдин түрк жана рум өкмөттөрү эмес, 1960-жылдагы түзүлүү келишиминин кепил өлкөлөрү Түркия, Греция жана Англия да көп жылдардан кийин чогулду жана БУУнун башкы катчысынын көзөмөлүндө Швейцарияда да жолугушту. Бирок бул жолугушуулар акыркы мүнөттө Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун макулдашуудан баш тартышы менен бузулду.

Кипрде чечим табууга  эң чоң тоскоолдук рум тарабынын Түркиянын кепилдиктен баш тартып аралдагы аскерлерин алып кетишине байланыштуу иррационалдык талаптарын дагы деле өжөрдөнүп улантышынан болду. Бул тема Түркиянын акылуу түрдөгү кызыл чийиндери болуп саналат. Анткени Кипрде болгон тажрыйбалар Кипр түрктөрүнүн аралда жашоосунун бир гана Түркиянын кепилдиги жана аскерлеринин аралда турушу менен камсыздала  турганын көрсөттү. Эске сала кетсек 1974-жылы Кипрде келишимдерге терс түрдө Энозости жактаган төңкөрүш жасалды жана түрктөр кыргынга учуратылды. Буга карабастан башка кепил өлкө болгон Англия эч нерсе кылган жок. Бир тараптан ЕБнин Босния, Косово жана Украина сыяктуу жакын чөйрөсүндө болгон аскердик кагылышуулар жана кыргындарга бөгөт коюу жагдайындагы чабалдыгы жана каалабоочулугу да ортодо көрүнүп турду. Жикчилдикке чейин жеткен көз караштарга ээ болгон румдардын алдыдагы күндөрдө эл аралык коньюктурада пайда боло турган мүмкүнчүлүктөн пайдаланууларынын алдындагы жалгыз чындык баш тарттыруучу күч Түркиянын кепилдиги жана Кипрдеги аскерлеринин турушу. Эл аралык коомчулук чындап эле Кипрде узун мөөнөттүү чечим табууну кааласа Румдарды бул темада көндүрүшү зарыл.

Кипр аралы, Түркиянын түштүгүндө орун алган жана Түркиянын жээктерине абдан жакын арал. Стратегиялык абалы, жетүү жери жана байлыктары жагынан Жер Ортолук деңиздин эң маанилүү отурукташкан жерлеринен бири. Орусиянын Жер Ортолук деңизде иш-аракеттери күч алып, бүткүл дүйнө аймакка стратегиялык жер катары карап жатканда, Түркиянын Кипрдеги укуктарынан баш тартышы күтүлбөшү керек. Бул жерде Түркиянын Лондон жана Цюрих келишимдеринен баш тартуусунун эч бир мааниси жок.

Келип жеткен жерде Кипр маселесине БУУнун парламентарлары кошулуп чечүүчү жол табуу мүмкүнчүлүгү дээрлик калган жок. Жаңы саясаттар жана бардык актерлор тарабынан туура деп табыла турган жаңы максаттарга карай базистердин ылдам түрдө иштелип чыгышы качылгыс абалга айланды. Жыйынтыктасак, эки аймактуу, эки коомдуу, эки куруучу мамлекеттин тең статусу болгон жана саясий теңдикке таянган түрк аскери милдетин аткарган, Түркиянын накталай жана таасирдүү кепилдиги уланган, кандайдыр бир жер жана мүлк темасында жол бошотуусу болбогон, кезектешкен төрагалык бекитилген келишим кабыл алынмайынча сүйлөшүүлөрдү жөн эле мажбурлай берүүнүн кажети жок. Бул жерде 34 жылдан бери уланган ТКТРнын бир жактуу таанылышы үчүн керектүү кадамдардын ташталышы дагы пайдалуу болот. Буга кошумча акыркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпастан соңуна чыгышы жашоонун акыры эмес. Түрктөр Кипрде сыймыктуу коом катары жашоосунун жолдорун улантат, мында ийгиликтүү болот.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар