Акса мечитине камералар орнотулду

Израилдеги Акса мечитинин Арстандуу каалгасынын (Эль- Эсбат) маңдайына коопсуздук үчүн камера коюлду. Күбөлөр Арстандуу каалганын маңдайындагы бийик жерлерге коопсуздук камералары орнотулганын билдиришти.

776328
Акса мечитине камералар орнотулду

Израилдеги Акса мечитинин Арстандуу каалгасынын (Эль- Эсбат) маңдайына коопсуздук үчүн камера коюлду.

Күбөлөр Арстандуу каалганын маңдайындагы бийик жерлерге коопсуздук камералары орнотулганын билдиришти.

Израилдин 2-каналы, Израиль тарабынан Акса каалгасына орнотулган металл издөөчү детекторлорду чоң чыңалууларды жаратышынын себебинен алып салуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Анын ордуна Израиль Аксанын каалгасына кол детекторлору менен издөө кыла турган полиция күчтөрүнүн келүүсүн айткан билдирүүдө Иерусалим полициясынын мүдүрү Йорам Ха- Леви жана Иерусалимдин мэри Нир Берекаттын бул кадамды колдой тургандыктары айтылган. Бирок камералар орнотулганга чейин аймактык кызматташуу министри Цахи Ханегби Акса мечитинин айланасына орнотулган металл детекторлордун алынбай турганын айткан.

Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас болсо Акса мечитинин каалгаларына электрондук металл издөөчү детекторлордун курулуусуна уруксат берилбей турганын билдирди.

Аббас Батыш Иорданиянын Рамаллах шаарында уюштурулган Палестина аалымдарынын 2- Эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө: “Акса мечитинин короолоруна электрондук металл издөөчү детекторлордун курулуусуна уруксат бербейбиз. Акса боюнча эгемендик укук биздики. Биз Аксага көз салышыбыз керек. Акса каалгаларында биз болушубуз керек”- деди.



Тектеш кабарлар