Европа Биримдигинин Орусияга салган санкциясы узартылды

Европа Биримдиги Крым жана Севастопольдун аннекциясынан улам Орусияга салган санкциянын мөөнөтүн бир жылга узартты.

Европа Биримдигинин Орусияга салган санкциясы узартылды

Европа Биримдиги Крым жана Севастопольдун аннекциясынан улам Орусияга салган санкциянын мөөнөтүн бир жылга узартты.

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Европа Биримдигинин Орусиянын Крым жана Севастополду мыйзам тышы аннекциядан улам ишке ашырып жаткан чектөөчү чаралардын 2018 – жыл 23 -  июнга чейин узартылгандыгы билдирилди. Ушуга караганда узартылган санкциялар менен Европа Биримдиги жарандары жана фирмаларынын Крым менен Севастополь аймактарындагы иштерин чектеп жатат.

Европа Биримдигине Крым жана Севастополдон продукция импортуна уруксат берилбей жатат. Эч бир Европа Биримдиги жараны же Европа Биримдиги фирмасы Крым жана Севастополдон турак жай ала албай, бул аймактардагы фирмаларга финансы бериле албай жатат. Европанын туристтик жүргүнчү кемелери Крым жана Севастополдогу портторго чукул абалдардын тышында кире албай жатат.

Крым аймагында транспорт, телекоммуникация жана энергетика секторлорунда колдонула турган кээ бир товар жана технологиялар экспорт кылына албай жатат. Өзгөчө нефть, жаратылыш газ жана кен байлык издөө, чыгаруу жана өндүрүшүнө карата технологиялык жардам бөгөттөлүүдө. Бул секторлорго техникалык жардам, курулуш жана инженердик жардам берилбей жатат.

 

 

 



Тектеш кабарлар