Англияда мусулмандарга кол салуу болду

Лондондун түндүк тарабындагы Finsbury Park  аймагында бир киши айдап бараткан унаасын таравих намазынан чыгып тратуарда бараткан мусулман кишилерди көздөй айдады.

Англияда мусулмандарга кол салуу болду
Лондондун түндүгүндөгү Finsbury Park мечитине жакын жердеги кол салуу
Лондондун түндүгүндөгү Finsbury Park мечитине жакын жердеги кол салуу

Лондондун түндүгүндөгү Finsbury Park мечитине жакын жерде бир унаа мечиттен чыккан жөөчөндөрдү катуу какты. Окуя тууралуу бир киши кармалса дагы, полиция окуянын кырсык же кол салуу болгонун жарыялаган жок. Жаралуулар ооруканага жеткирилди.

 

Англияда террор бул ирет мусулмандарды бутага алды.

Борбор шаар Лондондун түндүк тарабындагы Finsbury Park  аймагында бир киши айдап бараткан унаасын таравих намазынан чыгып тратуарда бараткан мусулман кишилерди көздөй айдады.

Кол салууда 1 киши каза таап, кеминде 10 киши жаракат алды.

Finsbury Park мечитинин имамы, кол салуунун мусулмандарды бутага алганын айтты.

Кол салууга байланыштуу бир киши камакка алынды, 2 киши окуя болгон жерден качты.

Камакка алынган шектүүнүн ким экени жарыяланган жок.

Кол салууну «коркунучтуу кырсык» деп мүнөздөгөн Англиянын премьер-министри Тереза Мэй, жаралангандардын тез сакайып кетишин тиледи.

Англиянын Мусулмандар кеңеши, бул окуянын мечиттин жамаатын бутага алган террордук кол салуу болгонун жарыялады.

Көргөн күбөлөр камакка алынган шектүүнүн «Мусулмандарды өлтүрөм!» деп кыйкырганын айтышты.



Тектеш кабарлар