Террор чырмоогу

Күн тартиби-24

Террор чырмоогу

Терроризм тилекке каршы адам тарыхы башталгандан бери байыркы илдет сыяктуу уланып келе жатат. Адам Пайгамбардын уулу Кабилдин бир тууганы Хабилди өлтүрүшү менен башталган террор, ушул күнгө чейин бардык зулумдугун улантууда.

Алгачкы адам сыяктуу байыркы болгон терроризм, тилекке каршы адамдардын жашоосун айрым мезгилдерде барымтага ала алды. Ялта макулдашуусу менен түзүлгөн дүйнө тартибине каршы 1960-жылдан бери адамдар катуу каршылык көрсөтүп келе жатышат. 1968-жылдагы окуялар менен Европа жана Батыш дүйнөсүн да таасирленткен террор чырмоогу, кайрадан дүйнөнү колго алууга баратат.

Өзгөчө Ислам өлкөлөрү, Африка жана Латын Америкада күч алган терроризм учурда глобалдык күч борборлоруна да залакасын тийгизген коркунучка айланды.

Ал эмес терроризм Азия, Европа, Латын Америка жана Ислам өлкөлөрүндө көптөгөн өкмөт башчынын өмүрүн алды. Конго Республикасынын Премьер-министри Патрик Лумумба, Чилинин премьер-министр Сальвадор Альенде, Италиянын премьер-министри Альдо Моро, Ливандын премьер-министра Хариринин өлтүрүлүшү буга бир канча мисал болуп саналат.

Бүгүнкү күндүн эң орчундуу жана эң коркунучтуу глобалдык террор уюму болгон жана лидери дагы деле АКШнын Пенсильвания шаарында жашап жаткан Фетуллахчы террор уюму 2016-жылдын 15-июлунда Түркия Республикасынын Президентине кол салган болчу.

ФЕТӨгө мүчө террористтер Ф-16 согуштук учактар, тик учарлар, танкалар жана замбиректер менен 15-июль түнү кол салышып, элдин көпчүлүгү тарабынан шайланган президент Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылышты. Эл өз төшүн окко тосуп лидерин коргоп калды. Ал козголоңдо жүздөгөн адам шейит болуп, миңдеген адам жаракат алды. Баатыр эл лидерин генерал жана офицер кийимдерин кийип алган канкор террористтерге салып берген жок. Түркия ушундай канкор террордук кол салууга дуушар болуп турганда, шериктеши болгон Батыш тобу тилекке каршы көпкө чейин үн каткан жок. Албетте буга Англияны кошпойбуз... Орусиянын президенти Владимир Путинден кийин ФЕТӨгө мүчө террористтердин кыргын жана төңкөрүш аракетине биринчилерден болуп каршылык көрсөткөн Түркиянын шериктеши Англия эле.

Эң кызыгы ФЕТӨгө мүчө террористтер тарабынан согуштук учактар, танка жана минометтор менен түрк элине кыргын салынган түнү, (кийинчерээк АКШнын президенти Трамптын тобунда орун алган мурдагы генерал болгон) Майк Флин аларды мактоо менен кубаттады. Ошол күнү АКШнын бийлигинде турган Барак Обама өкмөтү жарыялаган өз билдирүүсү менен түрк элинин бул террористтерди жеңгенине таң калган абалда эле.

НАТО, уюмдун эң ишенимдүү жана күчтүү шериктештеринин бири болгон Түркиядагы бул террордук кол салууга каршы бир канча күн өткөндөн кийин гана айыптоосун айта алды.

Түрк лидери Эрдоган, террордук уюм ФЕТӨгө мүчө террористтердин ага кол салган күнгө чейин эле террорго ачык каршылык көрсөтүп жана дүйнөлүк лидерлердин бардыгына чакырык салып келген. Бирок Түркия да мүчөсү болгон Батыш тобу менен катар көптөгөн күчтүү өлкөлөр буга кулак салышкан жок. Түркияда миңдеген генерал, офицер, полиция жана жарандарды өлтүргөн террористтердин Түркиянын шериктеши болгон батыштык өлкөлөргө баш калкалагандары кызык болду. Түрк жарандарын, аскерлерин жана полицияларын өлтүргөн террористтер учурда дагы деле НАТОдо Түркиянын шериктеши болгон өлкөлөрдө баш паанек алышып, жакшы шарттарда жашап келе жатышат.

Берлин менен катар Европа Биримдигине мүчө бардык борбор шаарларда Түркияда күнөөсүз адамдарды курман кылган мыкаачы террористтер жашап жатышат. Ал эмес айрым Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр муну менен эле тим болбостон Түркияда террордук кол салууларды кылган жана көптөгөн адамдын өлүмүнө себепчи болгон же кол салган айрым террористтерге дипломатиялык паспорттордун берилгенине байланыштуу маалыматтар медиада орун алууда.

Президент Эрдоган, Европа Биримдиги аралашкан бул террор чырмоогунунун бир күнү өздөрүнө кайтып келээрин көөшөрүп айтканына карабастан, эч бир европалык лидер буга маани берген жок. Европанын саясий элитасы кулак салбаган бул террор чырмоогу тилекке каршы ошол өлкөлөрдүн элдерине да терс таасирин тийгизүүдө.

Париж, Берлин, Брюссель, Лондон бул кол салуулардын курмандыгы болду. Дагы кайсы шаарларда болот деп ар ким санааркап жатат. Бул санаркоолор, элдердин туура мамиле кылууларына да тоскоол болууда. Мисал үчүн өткөн күндөрдө Италиянын Торино шаарында өткөрүлгөн УЕФА мелдеши убагында негизсиз бомба айтымдарынан улам болгон дүрбөлөңдө 1500дөн ашуун адам тебелендиде калып жаракат алды. Террордон жабыркаган Европа, террористтерге кучак жаюусун токтотуунун ордуна дагы деле башкаларын күнөөлөп жатат. Мисал үчүн 350 америкалыкты өлтүргөн террор уюмунун башчысы Азияда, Африкада же Латын Америкада жашаганда эмне болот эле жана АКШнын каршылык көрсөтүүсү кандай болоор эле ? Бирок ушундай эле кылмышты кылган террорист учурда АКШда жашап жатат. Же болбосо Белгиянын эң чоң ишкерин террордук максатта өлтүргөн кылмышкер Африкага качып кетсе, ал өлкө дароо батыштык өлкөлөр тарабынан басылып алынбайт беле? Түркиянын эң чоң ишкерин өлтүргөн террорист 20 жылдан бери Белгияда жашап келе жатат.

АКШ жетектеген Эл аралык коопсуздук жана колдоо күчү İSAF, Усама Бин Ладинди бербегени үчүн Ооганстанга кол салган жокпу?

Анда миңдеген түрк жаранын, аял,бала,кары-картаң дебестен курман кылган террористтер учурда Берлинде жашап жатса,  мунун жообу болушу керек.

Качан гана «менин террористтим жакшы, сенин террористтиң жаман» деген түшүнүктөн баш тартканда бул балээден кутулабыз. Антпесек бүткүл дүйнө мунун азабын дагы көп тартат.



Тектеш кабарлар