Түркия жана Евразия карым-катнаштары-20

Эрдоган-Путин жолугушуусу жана Түркия-Орусия карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-20

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган бир канча күн мурда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Сочиде жолукту. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия-Орусия карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Бүгүнкү күндө Орусия менен Түркия; Кавказия, Жакынкы Чыгыш жана Кара деңиз аймактарында таасирдүү эки күч. Учурда Түркия менен Орусиянын ортосунда көптөгөн стратегиялык тармакта геосасий атаандаштык уланып жатат бирок ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу тармактары да кеңейүүдө. Түркия менен Орусия, Суук согуш аяктагандан кийин бир топ иш алып баруу тармагын түздү. Экинчи жактан Суук согуш мезгилинен калган маселелер менен табигый геосаясий кызыкчылыктардын себебинен, эки өлкөнүн аймактык жана дүйнөлүк саясаттары бири-биринен айырмаланып турат.

Орусиянын энергетика экспортунда Түркия чечүүчү мааниге ээ. Түркия үчүн болсо Орусия экспортто чоң рынок. 2000-жылдардын башынан тарта Орусия менен Түркиянын ортосундагы алакаларда олуттуу жандануу болду. Соода, туризм жана энергетика тармактарында эки тарапка тең пайда алып келген байланыштар бар. Бир тараптан Түркиянын НАТОнун алдыңкы мүчөлөрүнүн бири болушу, Жакынкы Чыгыш, Карадеңиз жана Түштүк Кавказ аймактарында карама-каршы келген кызыкчылыктар Түркия-Орусия алакаларынын алсыз жагын түзүүдө. Сирия жана Украинадагы кагылышууларда да бул алсыздыкты көрө алабыз.

Түркия менен Орусия соода, туризм жана энергетика тармактарында олуттуу кызматташтыкты түздү. Эки тараптуу сооданын көлөмү жыл сайын өсүп баратат. Түркия жыл сайын миллиондогон орусиялык туристтен чоң пайда табууда. Ал эми энергетика тармагында болсо Түркия Орусиядан ири көлөмдө газ жана мунай зат сатып алат. Бул Орусия үчүн негизги киреше булагы. Ошондой эле Орусия Түркиянын алгачкы атомдук станциясын куруу долбооруна көмөк көрсөтүүдө. «Түрк агымы» долбоорунда да эки өлкө маанилүү кызматташтыкты түзүштү. Акыркы жылдарда түрк-орус жарандарынын баш кошуулары да көбөйдү. Ошондой эле Орусияда рейтинг боюнча рекорд жараткан түрк сериал-кинолору, орус элинин аң сезиминде Түркиянын оң көз карашта орун алуусун камсыздоодо.

Түркиянын президенти Эрдоган бир канча күн мурда Орусияга расмий сапар жасады. Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен Сочиде жолукту. Сочидеги жолугушуу Түркия-Орусия мамилелеринде 2016-жылдын 27-апрелинде башталган нормалдашуу процессин өнүктүргөн жолугушу болду. Орус медиасы жолугушууну «биргелешкен кызматташууга кайра кайтуу» деген тема менен жарыялады. Учудагы абалга Түркиянын президенти Эрдоган болсо «стратегиялык өнөктөштүктүн бир түрү» деп мүнөздөдү. Эрдоган-Путин жолугушуусу аркылуу туризм, айыл-чарба, текстиль, атомдук энергия жана «Түрк агымы» тармактарындагы маселелер чечилди. Помидор импорту жана айрым виза чектөөлөрү темасындагы келишпестиктер болсо чечилген жок. Сочидеги жолугушуунун негизинде Астана сүйлөшүүлөрүндө да жаңы мезгил башталды. Орусия менен Түркиянын чогуу бир үстөлгө олтуруп Сирия кризисине чечүүчү жол издеши, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу потенциалынын натыйжалуулугун көрсөтүү жагынан маанилүү.

Сочидеги Эрдоган-Путин жолугушуусунун негизинде түрк-орус алакаларында жаңы барак ачылды. Жыйындан кийинки билдирүүлөрдө эки лидер тең абдан оң маалыматтарды беришти. Ушундайча Түркия-Орусия карым-катнаштарында нормалдашуу баскычынын өнөктөштүк байланыштар деңгээлине өткөнүн көрүүдөбүз. Албетте бул абалга жетүү оңой болгон жок. Кыйын мезгилдер болду жана эки өлкөнүн алакалары көптөгөн оор сыноодон өттү. Түркия менен Орусиянын ортосунда баса белгилегенибиздей ар башка тармактарда саясий түшүнүк жана кызыкчылык айырмачылыктары бар. Бирок бул айырмачылыктарга жооптуу мамиле кылып, потенциалдуу кызматташтык тармактарында инвестиция салынышы узун мөөнөттө Түркияга дагы, Орусияга дагы пайда алып келет. Анткени Түркия менен Орусия 2000-жылдардын башынан тарта өз ара мамилелерде кызматташуу түзүп, карама-каршылыктуу аянттарын бири-биринен ийгиликтүү ажырата алды. Ушул себептен учурда көптөгөн темада олуттуу жылыштар бар. Сирия кризиси Түркия менен Орусиянын аракеттеринин негизинде ийгиликтүү жыйынтыкталса, бул тарыхта калат. Эки өлкөнүн жетекчилигинде аймактагы бир канча маселе чечилиши мүмкүн.

Сирия маселесинде Түркия менен Орусиянын ар башка актерлор менен байланыштары бар. Таасирдүү дипломатиялык механизм түзүлө алса терс көрүнгөн бул  абалдан оң жыйынтыктар да чыгышы мүмкүн. Алдыдагы процессте болсо Түркия-Орусия карым-катнаштарында эң чоң коркунуч Орусиянын ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен болгон жакын байланыштары. Орусия бир тараптан Түркия менен мамилелерин жакшыртып жатса, экинчи жактан Евфраттын батышында ПКК/ПЙД/ЙПГ менен бирге кыймыл кылып Түркиянын ыктымалдуу кыймылына каршы Афринди коргоого алууга аракет кылууда. Бул абал эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарга туура келбеген мамиле. Карым-катнаштардын дагы да жакшыруусу үчүн Орусия бул мамилесин токтотушу керек.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар