Кытайда «Иттин эти» фестивалына тыюу салынды

«Иттин эти» фестивалында жыл сайын болжол менен 10-15 миң мышыктын жана иттин эти желет

738363
Кытайда «Иттин эти» фестивалына тыюу салынды

Кытайдын Юйлинь шаарында миңдеген иттин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө себепчи болгон «Иттин эти» фестивалына убактылуу тыюу салынды.

Бул чечимдин алкагында дүкөндөрдө, ресторандарда жана көчөлөрдө иттин этин сатууга да тыюу салынды. Буга баш ийбегендер 15 миң доллардык жазага тартылат.

Тыюу салуу 15-июнда күчүнө кирет.

«Duo Duo» жаныбарларды коргоо долбоорунун жетекчиси Андреа Гунг темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Бул убактылуу тыюу салуу болсо деле мунун ит эти соодасын токтотууга алып келе турган домино таасиринде болоорун ойлоп жатабыз»,-деди.

2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Иттин эти» фестивалында жыл сайын болжол менен 10-15 миң мышыктын жана иттин этинин желгени божомолдонууда.

Миңдеген ит сатылуусу үчүн адамдар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлөт.



Тектеш кабарлар