НАТОнун жаңы чечими...

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн НАТОнун лидерлер саммити өтөт.

738928
НАТОнун жаңы чечими...

НАТО, террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүүчү коалицияга кошулат.

28 НАТОго мүчө өлкө, Түндүк Атлантика Шериктештигинин террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү коалициясында орун алышы темасында макулдашты.

Аты аталган токтомдун Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн боло турган НАТОнун лидерлер саммитинде жарыяланышы күтүлүүдө.

Англиянын Манчестер шаарында мурдагы күнү террор уюму ДЕАШ тарабынан болгон жана 22 киши каза тапкан кол салуудан кийин чыгарыла турган бул токтом менен НАТОнун террор коркунучуна карата кайдыгер болбогонунун белгисин берүүнү каалаганынын сереби салынды.

НАТОнун коалицияга кошулуусу менен террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүүнүн дагы таасирдүү болушу күтүлүүдө.

НАТО, чалгындоо жана машыктыруу иш-чараларына салым кошот. Ооганстанда Ал Каида жана Талибан менен күрөшүүнү алдыңкы планга койгон НАТОнун аянт бөлүшүүсүн жана шаймандар менен жабдылышын камсыздай ала турганы белгиленген.

НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенберг кечээки жарыясында шериктештиктин коалицияга кошулган учурунда согушчул ролду милдеттенбей турганын баса белгилеген.

АКШнын жетектөөсүндөгү «ДЕАШка каршы күрөшкөн коалиция» 2014-жылы курулган. Түркия да арасында болгон 68 өлкө орун алган коалиция, Сирия жана Ирактын түндүгүндө террор уюму менен күрөшүү операциясына колдоо көрсөтүүдө. НАТОго мүчө 28 өлкө бул коалицияда орун алат.



Тектеш кабарлар