Иранда президенттик шайлоо

Иранда 56 миллиондон ашуун шайлоочу бар.

Иранда президенттик шайлоо

Иранда эл президенттик жана облустук парламентке шайлоо үчүн добуш берет.

63 миң шайлоо окуругунда курулган 130 миң үкөктө добуш берүү башталды. Президенттик шайлоонун реформачылар жана консерваторлордун колдоосун алган Хасан Рухани менен консерваторлордун талапкери Ибрахим Реисинин ортосундагы жарыш менен өтүшү күтүлүүдө.

Иранда 56 миллиондон ашуун шайлоочу бар.

Диний лидер Айетуллах Али Хаманей добуш берүүнүн башталышы менен президенттик шайлоого катышуу катнашынын жогору болушунун маанисин белгилеп элди добуш берүүгө чакырды.

Иранды президенттик шайлоо үчүн Конституцияны коргоочулар кеңеши тарабынан белгиленген алты талапкерден экөөсү жарыштан чегингендигин жарыялаган.

Президенттин биринчи орун басары реформачы талапкер Исхак Жихангири президент Руханиге колдоо берерин жарыялап, консерватор бөлүктүн талапкелеринен Тегеран мэри Мухаммед Бакыр Галибаф болсо Реиси үчүн чегингендигин белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар