Еврей отурукташуучулар палестиналыктарга таандык экскаваторду өрттөдү

Палестиналык жетекчилер Наблустун түштүгүндө палестиналыктар жашаган айылдардын бат - бат еврей отурукташуучулар тарабынан кол салууга дуушар болгондугун белгиледи.

Еврей отурукташуучулар палестиналыктарга таандык экскаваторду өрттөдү

Еврей отурукташуучулар Батыш Шераида палестиналыктарга таандык бир экскаваторду өрттөштү.

Палестина башкаруусунун отурукташуу бөлүктөрү досьесинин жооптуусу Гассан Даглас еврей отурукташуучуларынын бүгүн эрте менен Наблустун түштүгүндөгү Бурин аймагында Абдулазим Идрис аттуу палестиналыкка таандык экскаваторду өрттөгөндүгүн айтты.

Даглас кол салуучулардын экскаватордун үстүнө улутчул сөздөрдү жазгандыгын да билдирди.

Палестиналык жетекчилер Наблустун түштүгүндө палестиналыктар жашаган айылдардын бат - бат еврей отурукташуучулар тарабынан кол салууга дуушар болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар