АКШ парламентинен Сирия режими тууралуу санкция долбоору өттү

Тышкы карым – катнаштар комитетинин төрагасы Ед Ройс болсо мыйзамдын Асад режимине карата экономикалык кысым жасоону максат кылгандыгын айтты.

АКШ парламентинен Сирия режими тууралуу санкция долбоору өттү

Сирия режими менен байланышы болгон жеке киши жана фирмаларга карата санкцияны күткөн мыйзам долбоору АКШ парламентинен өттү.

Өкүлдөр парламентинин тышкы карым – катнаштар комитетинен Демократ партиясынын Нью – Йорк өкүлү Элиот Энгел тарабынан берилген сунуш парламент мүчөлөрү тарабынан кабыл алынды.

Элиот Башар Асад режимин бутага алган мыйзам долбооруна байланыштуу берген маалыматында : «Эгерде Сирия калкынын каны жуккан Асад менен соода кыла турган болсоңор бул санкциялар сиздерге жасалат»,- деди.

Тышкы карым – катнаштар комитетинин төрагасы Ед Ройс болсо мыйзамдын Асад режимине карата экономикалык  кысым жасоону максат кылгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар