Трамп Орусия менен жашыруун маалыматтарын бөлүштүбү?

Дональд Трамптын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндө абдан жашыруун айрым маалыматтарды аны менен бөлүшкөндөрү жөнүндөгү айтымдардын жаңырыгы уланууда.

Трамп Орусия менен жашыруун маалыматтарын бөлүштүбү?

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндө абдан жашыруун айрым маалыматтарды аны менен бөлүшкөндөрү жөнүндөгү айтымдардын жаңырыгы уланууда.

Италиянын премьер-министри Паоло Жентило менен Сочидеги жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин: «АКШда кандайдыр бир саясий шизофрениянын пайда болгонун көрүүдөбүз. Ошондуктан Трамптын Орусия менен жашыруун маалыматтарды бөлүшкөнү жөнүндөгү айыптоолорду башкача түрдө ачыктап берүүбүз мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Орусиянын президенти , Лавров менен Трамптын сүйлөшүүсүнө байланыштуу катталган маалыматты, Американын Сенатында жактоого даяр экендиктерин баса белгиледи.

Орусиянын 8-ноябрдагы Американын шайлоолоруна кийлигишкени жөнүндөгү кабарларды да башында күлкүнүчтүү деп тапкандарын түшүндүргөн Путин: «Бирок бүгүнкү күндө санаарката турган деңгээлге жетти. Ушундай сандырактыктарды чыгарган адамдардын дагы эмнелерди чыгара ала турганын божомолдой албайбыз»,-деп айтты.

АКШда Орусияга каршы айтымдардын ички саясатында колдонулганын жактаган Путин, мунун коркунучтуу багыт алуу болгонудугу жөнүндө эскертти.

Трамптын өткөн аптада Ак үйдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусунда террор уюму ДЕАШ тууралуу абдан жашыруун маалыматтарды бөлүшкөнү жарыяланган.

Трамп да социалдык медиа тармагынан бөлүшкөн маалыматында Израилден келген террор уюму ДЕАШка байланыштуу айрым маалыматтарды Орусиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнүн ырастаган болчу.



Тектеш кабарлар