Дүйнө жүзүндө иштеген төрт кишиден бирөө африкалык болот

Африка тууралуу БУУ даярдаган отчет таратылды.

Дүйнө жүзүндө иштеген төрт кишиден бирөө африкалык болот

Бириккен Улуттар Уюму Африкадагы калктын санынын өсүшүнөн улам 2050-жылы дүйнө жүзүндө иштеген төрт кишиден бирөө африкалык боло турганын божомолдоду.

БУУ тарабынан уюштурулган эки күн улана турган Туруктуу өнүгүү боюнча Африка аймактык форуму, көп сандаган африкалык министр жана адистердин катышуусу менен Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада башталды.

Форумда туруктуу өнүгүү максаттарында материкте келип жеткен акыркы чекит жана ташталышы керек болгон кадамдар талкууланууда.

БУУнун Африкадагы экономика комиссиясынын баш катчысы Вера Сонгу, ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө материкте өскөн теңдешсиздиктин жана жумушсуздуктун да жыйналыштарда карала турганын белгилеп кетти.

Бир тараптан жыйналышка катышкандарга Африка тууралуу БУУ даярдаган отчет таратылды.

Отчетто Африка материгинин алдыдагы жылдарда туш боло турган эң чоң маселелерден биринин жумушсуздук боло турганы белгиленди.

Айрыкча Африканын 10 жылдын ичинде 110 миллион кишилик жаңы жумуш тармагы түзүлүүсү керектигин, өткөн 10 жылда болгону 37 миллион кишилик жумуш орундугу ачылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар