Химиялыкпы же эмеспи Сирия жок болууда

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Англияда басылып чыккан «Daily Sabah» гезитинин 11-апрелдеги санына чыккан макаласы

Химиялыкпы же эмеспи Сирия жок болууда

Сирия, дүйнө жүзү аны карап турганда жок болуп баратат. Асад режиминин химиялык куралдар менен кол салуусунда жалгыз гана сириялык аял жана балдар эмес биздин адамдык сапатыбыз да жок болууда.

 Мурдагы мелгилдин президенти Барак Обама 2012-жылдын декабрь айында Вашингтондо Улуттук коргоо университетиндеги сөз сүйлөөсүндө мындай деген болчу: «Асад менен анын буйругундагыларга муну так айта кетким келет, дүйнө жүзү сизге жакын байкоо салып жатат». Бул сөз Асад режими тарабынан химиялык курал колдонулушу ыктымалдуулугуна каршы эскертүү эле. 2013-жылдын 21-августунда кол салуу болду. Дамаскка жакын жердеги Гутаны бутага алган кол салуудан аял жана балдар менен катар кеминде 1500 киши көз жумду. Беш жылдан кийин болсо Асад жакынкы мезгилдеги кандайдыр бир кылмышкерден дагы көп адам өлтүргөн абалда. Асад муну химиялык жана атайын куралдарды колдонуп, дүйнө жүзү карап турганда кылды.

Хан Шейхунга карай 4-апрелдеги химиялык кол салуу болсо Асад режиминин кыргын салуучу саясаттарынын акыркы уландысы эле. БУУ, Сириядагы каза тапкандарды санап чыгууну, сандар ырасталбагандыктан токтотту. БУУ эл аралык коомчулук жана дүйнөнүн эң күчтүү улуттары сыяктуу 21-кылымдын эң кандуу согушун токтууда удаама-удаа ийгиликсиздерге туш болду.

Эл аралык «Мунапыс» уюмунун 22-февралдагы отчетуна караганда 2016-жылдын аягынан тарта Сириядагы кагылышуу 300.000ден ашуун адамдын өлүмүнө себепчи болду. Бирок Асад режиминин күчтөрү жана анын буйругундагы согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөндөрдүн чыныгы саны андан дагы көп б.а 600.000 миңден ашат. Женева жана Астана процесси да Сириядагы режимдин өз элине химиялык куралдар менен кол салышынан баш тарттыра алган жок. Дүйнө жүзүнүн бул кыргын салууга үн катпашын жана ДЕАШка каршы күрөшүү жүрүп жатканы жөнүндөгү сценарийди кабыл алганын көргөн режим учурдагы мыкаачылык жолун уланта турчудай.

Химиялык куралдарга, баррель бомбаларына жана минометтун окторуна дуушар болуп аман калгандар болсо миллиондогон качкындар жана өз өлкөсүндө жеринен ажыраган адамдарга айланышты. Ушул эле Эл аралык «Мунапыс» уюмунун отчетунда «БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгына караганда 2011-жылдан 2016-жылдын аягына чейинки мезгилде 4,8 миллион адамдын Сириядан качып чыкканы, 2016-жылы эле 200.000 миң кишинин баш калкалоочу абалына айланганы сөз кылынууда жана «БУУнун гуманитардык жардам боюнча координация кеңсесинин көрсөткүчүнө караганда ушул эле алты жылдык мезгилдин ичинде жарымы балдардан турган орто эсеп менен 6,6 миллион адам болсо Сирияда өз жеринен ажырады»,-деп кошумчаланган. Бул сан Сирия элинин жарымы. Андан башка миңдеген сириялык Жер Ортолук деңиздин жана Эгейдин муздак сууларында көз жумду. ЮНИСЕФке караганда 2 миллиондон ашуун качкын бала менен катар 8 миллиондон ашуун сириялык бала чукул жардамга муктаж.

Хан Шейхундагы  химиялык кол салууга АКШнын каршылык көрсөтүүсү туура багытта ташталган кадам эле жана сөз менен айтылып калбаган эскертүү болду. Химиялык куралдар менен кол салуусунун коркунучтуулугу жана күчөгөн адамзаттык кризисин ойлосок, АКШнын бул каршылык көрсөтүүсү согушту токтотууга жана Сирия эли үчүн коргоого жардамчы боло албагыдай. Асад режими кадимки курал-жарактар менен согуштук кылмыштарын жана адамзатка каршы жасагандарын улантышы мүмкүн анткени дүйнө жүзү химиялык куралдар колдонулганда гана кыймылга өтүүдө.

Сирия согушу заманбап дүйнө системасынын адамдын намысын коргоо жана адам укуктарын бузууларга бөгөт болуу айтымдарын да күүлөп жатат. Демократия, эркиндиктер жана плюрализм айтымдарынын бардыгы таянган жер Сирия калкы жана Жакынкы Чыгыш менен мусулман дүйнөсүндөгү туугандары менен салыштырылганда ишке жарабай калат. Обама бийлигинин ПККнын Сириядагы уландысы болгон ПЙД жана ЙПГны колдоо саясатынын артынан НАТОнун эки шериктеш өлкөсү Түркия жана АКШнын арасында чыңалуу пайда болгон. Сирия согушунан келип чыккан аймактык жана геополитикалык маселелердин тизмеси узарып кете берет.

Сирия маселесинин оңой чечилбей турганы ачык айкын. «АКШ Сирия режимине таандык аба базасын бомбалады» деп режимдин артында тургандар колдоо көрсөтүүсүн улантышат. Асаддын божомолдоосуна караганда ал согушту жеңип жатат жана мунун себеби Орусия, Иран жана Хизбуллахтан колдоо алуу эмес айрыкча маңдайында алсыз эл аралык коалициянын турганын байкоосунда жатат. Анын үстүнө өзүн «жамандын жакшысы» катары көрсөтүү үчүн ДЕАШты альнернатива катары колдонууда.

Түркиянын Сирияда сириялыктар үчүн коопсуз аймактардын курулуусу боюнча сунушу миңдеген адамды куткарышы мүмүкүн жана акыркы үч жылдагы химиялык кол салууларга бөгөт боло алмак. Бирок Атлантиканын эки жагында тең бул сунушту укмаксанга салышты. Түркия учурда орто эсеп менен 3 миллион баш калкалоочуну багып жатат жана Сириядагы он миңдеген адамга гуманитардык жардам жеткирүүдө.

ДЕАШка каршы күрөш жүргүзүлүшү зарыл жана бул уюм жок кылынышы керек. Ансыз деле абдан көп кайгы жана террорго себепчи болду. Бир тараптан Сирия согушунун экинчи жаныбары, Сирия режимин жана ырайымсыздыгын көз жаздымда калтыруу ахлактык баш аламандык жана апаат болуп саналат. 10-апрелде Италияда өткөрүлгөн Чоң жетиликтин жыйынында, Орусиянын Сирияга болгон көз карашынын өзгөрүшү жана Асад режимине колдоо көрсөтүүсүн токтотушуна карата көндүрүлүшү боюнча бирдей пикирге келишти.

Сирия, дүйнө жүзү аны карап турганда жок болуп баратат. Асад режиминин химиялык куралдар менен кол салуусунда жалгыз гана сириялык аял жана балдар эмес биздин адамдык сапатыбыз да жок болууда.



Тектеш кабарлар