Түркия жана Евразия карым-катнаштары-14

Түркия менен Нидерландиянын ортосундагы чыңалуу

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-14

Германиядан кийин Нидерландия да дипломатиялык жактан туура эмес мамиле кылып, Түркия Республикасынын эки министринин Нидерландияга кирүүсүнө бөгөт койду. Бул жагдай Түркия менен Европанын ортосундагы карым-катнаштарга залакасын келтириши мүмкүн. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия менен Нидерландиянын ортосундагы дипломатиялык чыңалууну талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Алгач Германия андан соң Нидерландия дипломатиялык эрежелерди жана эл аралык мамилелерди эске албастан Түркия Республикасынын эки министринин Нидерландияга кирүүсүнө бөгөт болду. Нидерландияга дипломатиялык паспорт менен барган Түркия Республикасынын үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын өлкөдөн чыгарылышы, дипломатия тарыхында көптөгөн кылымдан бери уланып келе жаткан салттын бузулгандыгын туюнтат. Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун Нидерландияга учуусуна уруксат берилбеши жана андан соң үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Каянын Нидерландиядан чыгарылышы, булар дипломатиялык салттарга шайкеш келбеген көрүнүштөр. Ачык айтканда бул негизги эл аралык-укуктук чатак болуп саналат.

Бул окуяларды эми жөн гана түрк министрлеринин түрктөр менен жолугушуусуна бөгөт коюлушу деп айта албайбыз. Дагы да комплекстүү бир канча маселелелер бар. Бул өлкөлөрдө учурдагы шайлоо атмосферасында Түркофобиянын күчөтүлүшү, референдум процессинде Түркиянын күчтөн тайдырылышы негизги себептер.

Көптөн бери Европа Биримдигинде Түркияга карай карама-каршылыктар болуп келе жатат. Түркиянын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде көз карандысыз саясат жүргүзүү аракетине европалык өлкөлөр тынчсызданып жатышат. Эмне себептен тынчсызданып жаткандарын түшүнүү мүмкүн эмес. Түркия 65 жылдан бери НАТОнун мүчөсү катары Европанын коопсуздугуна чоң салымдарды кошуп келди. Ошондой эле 50 жылдан ушуун убакыттан бери Европа Биримдигине мүчө болуу үчүн аракет кылууда. Бирок алар Европа Биримдигинин курамында күчтүү Түркияны көргүсү келбейт. Бул абдан таң калтыруучу абал. Күчтүү Түркия Европа Биримдигинин мүчөсү болсо Европа Биримдиги дагы да күчтүү болмок. Бул боюнча мындай суроо жаралат; Көптөгөн жылдардан бери Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда уланып келе жаткан жана такыр бүтпөгөн сүйлөшүүлөр Европа Биримдиги үчүн Түркияны алаксытуу беле? Жооп «ооба» сыяктуу көрүнүүдө.

Акыркы эки окуяда Германия менен өзгөчө Нидерландиянын мамилеси, шериктеш эмес душман өлкөлөрдүн мамилесин эске салууда. 500 жылдык достук бөлүшүлгөн Нидерландия сыяктуу өлкө менен бул абалга келүү чындап эле күтүлгүс болду.

Негизи Түркия менен Нидерландиянын ортосунда эки өлкөгө тең пайда алып келген экономикалык байланыштар бар. Түркиянын экспортунда Нидерландия 2016-жылы 3,6 миллиард долардык деңгээлге жетти. Ушул эле 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда Нидерландия Түркиянын экспорт рыногунун арасында биринчи он өлкөнүн арасында орун алууда. Ал эми Нидерландиянын экспортунда Түркиянын үлүшү 2016-жылдан тарта 3 миллиард долларга жетти. Туризмде болсо 2016-жылы Нидерландиядан Түркияга 718 миң турист келди. Ал эми Түркиядан Недерландияга 88 миң турист барды. 2016-жылдан тарта Нидерландия Түркиянын тизмесинде 7-орунда турат. Чет өлкөдөн түздөн-түз инвестициялар жагынан да эки өлкөнүн тыкыс байланыштары бар. 2016-жылы Нидерландиядан келген инвестициялар Түркиянын жалпы көрсөткүчүндө 15,8 пайыздык үлүш менен биринчи орунда турат. Түркия жарандарынын түздөн-түз инвестицияларына каралганда да Нидерландия алдыңкы базар экономикасы болуп саналат. 2015-жылдан тарта 11,3 миллиард долларга жеткен инвестициялар, Түркиянын чет өлкөдөгү жалпы инвестицияларынын 37 пайызын түзүүдө. Нидерландия тышкы соодада Түркия үчүн өзгөчө орунду ээлейт. Инвестиция жана фирмалардын саны боюнча көрсөткүчтөргө караганда да Нидерландия Түркия үчүн биринчи орунда турган өнөктөштөрдүн бири. Нидерландиядагы түрк инвесторлору жана ал жерде жашап эмгектенген түрк жарандарынын көптүгү менен бирге эки тараптуу экономикалык байланыштар олуттуу деңгээлде. Чыңалуулар болуп жаткан ушул күндөрдө экономикалык дипломатиянын оң багытта жүргүзүлүшү эки өлкө үчүн тең абдан маанилүү.

Түрктөр менен Исламга жана Европа Биримдигине каршы чыккан партиялардын күч алышына карата Европа Биримдигин жактаган саясатчылар чечүүчү жол таба албай жатышат. Германия менен Нидерландияда чечүүчү жол катары түрктөр менен Исламга каршы чыккан партиялардын айтымдарына ортоктош болгондорун көрдүк. Бул мамиле жана окуялар Түркия менен Европаны бири-биринен бираз алыстатууда. Түркияда керек болсо эл, керек болсо жетекчилер эми Европа Биримдигине мүчөлүк максатына мурдагысындай маани бербей калышты.

Нидерландия менен Европадагы рационалдуу саясатчылар Европанын Түркияга карай саясатын, Түрктөр менен Исламга каршы чыккан партиялардын үстөмдүгүнөн куткаруу үчүн тез арада ишке киришүүсү керек. Антпесе Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарына карай залакасы барган сайын күчөйт. Күчөп кеткенден кийин болсо алакаларды оңдоо өтө кыйын болот.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар