Түркия жана Евразия карым-катнаштары-13

Түркия-Германия карым-катнаштарында чыңалуу

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-13

Түркия менен Германиянын ортосунда акыркы жылдарда керек болсо Европа Биримдиги, керек болсо эки тараптуу алакаларда болгон чыңалуулар уланып жатат. Германияда эки түрк министри катыша турган жыйындардын ар түрдүү себептер айтылып өткөрүлбөй коюшу Түркияны таң калтырды. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия менен Германиянын ортосундагы чыңалууну талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Болуп өткөн акыркы кризистин себеби түрк министрлеринин Германиядагы түрктөр менен жолугушуусуна уруксат берилбешинен сырткары дагы да терең келишпестиктер бар. Германиянын бул мамилеси жаңы эмес. Ангела Меркелдин 2005-жылы Германиянын канцлери болушунан бери Түркия-Германия алакалары орчундуу кризистерди башынан өткөрүп келе жатат. Германиянын тышкы чалгындоо кызматы/BND Түркияны 2009-жылдан бери жашыруун тыңшап келгенин кабыл алды. Немис өкмөтү, НАТОнун мүчөсү болгон Түркиянын дос өлкө эмес экенин айтты.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин нацизм Германиянын  саясатынан четтетилди. Бирок нацизмди пайда кылган коомдук түзүлүш толук жоюлган жок. 2000-жылдарда чет өлкөлүктөргө, түрктөргө жана Исламга каршы агымдар Германияда күч алды. Оңчул жана борбордогу саясий партиялар шайлоолор үчүн ушул добуштарды максаттады. Германияда ар бир шайлоо мезгилинде чет өлкөлүктөргө, түрктөргө жана Исламга каршы сөздөр айтылып, бул барган сайын күчөп баратат. Түркияны бутага алуу немис саясатында акыркы мезгилде салт болуп калды. Исламафобиянын күч алышы жана барган сайын түрк душмандыгына айланган жек көрүүчүүлүк, коомдук тармактан саясий тармакка жайылды. Учурда да тилекке каршы Германиянын мамлекеттик саясатына айлануу багытында турат.

Германия акыркы күндөрдө көбүнчө сентябрь айында боло турчу өздөрүнүн шайлоолорун эмес, Түркиядагы референдумду жана президент Эрдоганды сөз кылып жатат. Айрыкча Германия ПКК менен ФЕТӨгө мүчө террористтерге кучак жаюуда. Акыркы мезгилде немис гезиттеринде президент Эрдоган, Меркелден дагы  көп орун алууда. Бул Германия үчүн жакшы көрүнүш эмес. Германияда «Эрдоганфобия» барган сайын күч алууда. Президент Эрдогандын улутту өкүлдүк кылган, улутту бийликтин чодонуна алып келген жана улуттун кызыкчылыктарын негиз кылган көз карандысыз саясаттарды жүргүзүп жатканы үчүн бутага алынганын билебиз.

Жакынкы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү, Кавказ өлкөлөрү, Карадеңиз жана Жер Ортолук деңиздин кесилишкен жеринде орун алган Түркиянын экономикалык жактан күчтөнүүсүнөн Германия тычсызданып жатат. Ооба, Германия учурда Түркиянын эң негизги соода өнөктөшү. Бирок Берлин Түркия менен айрым тармактарда атаандаш болууга ыраазы эмес. Стамбулда дүйнө жүзүнүн эң ири аэропортторунун бири салынып жатат. Бул абалдан Германиянын кандайча тынчсызданганын акыркы беш жылдан бери көрүп келе жатабыз. Стамбулдун жаңы ачыла турган аэропорту жылына 150 миллиондой жүргүнчүнү кабыл алгыдай көлөмдө болот. Ошондо Германиянын Франкфурт аэропорту көтөрө албаган жүктү өткөрүп алат. Айрыкча экономиканын үстөмдүгү Европадан Азияга жылган ушул мезгилде Стамбул динамикалуу борбор болот.

Түркия 15-июлдан кийин Түркияга колдоо көрсөтпөгөн ал эмес бөгөт болгон европалык саясатчыларга таарынып турат. Буга Германиянын 2016-жылдын 2-июнундагы (Жалган армян кыргынын геноцид деп таанып Түркияны катуу жаралаган жана эки өлкөнүн карым-катнаштарында айыккыс жараны пайда кылган) парламенттин чечимин да кошсок, Түркиядагы Германия түшүнүгүнүн ылдам начарлашынын себебин билүүгө болот. Европанын ушул учурга чейинки эки жүздүү мамилесин Түркиядагы 15-июль төңкөрүш аракети убагында да көрдүк. 15-июлда Германия менен Европанын түрк улутунун демократиялык күрөшүүсүнө карай көрсөткөн терс мамилеси да белгилүү. Дагы бир кызык окуя да Германиянын Түркиядагы референдумга каршы өз позициясын коюуга милдеттүү сыяктуу сезиши. Германия учурда Түркиядагы президенттик системага «каршы» акциясын ачык түрдө колдоп жатат. Түрк улуту президенттик системаныбы же парламенттик системаны каалайбы ал Германияны кызыктырбашы керек. Түркиянын башкаруу системасына түрк улуту чечим чыгарат, Гармения эмес.

Сентябрь айында Германияда өтө турган шайлоону ойлосок Түрк-немис алакалары сентябрга чейин дагы да чыңалышы мүмкүн. Эгерде Германия мамилесин өзгөртө албаса, уюлдашууга айланган Түрк-немис карым-катнаштары тынымсыз чыңалган абалда уланат.

Жыйынтыктай турган болсок, достук байланыштар жана кызматташуулар эки өлкөгө тең пайда алып келет. Анткени эки тараптын тең бири-бирлерине муктаж болгон тармактар бар. Бирок чыңалуунун күчөтүлүшү Түркияга эмес Германияга көбүрөөк таасир тийгизет. Түркия тышкы саясатта альтернативаларын көбөйтүп, кандай болсо да өз жолун улантат. Бирок Германия менен айрым Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн Түркофобия/Исламафобиялык мамилелери Европа Биримдигинин өзүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар