АКШ Сириянын түндүгүндө жаңы база курду

АКШнын Сириянын түндүгүндө жаңы бир аскердик база кургандыгы билдирилди

657155
АКШ Сириянын түндүгүндө  жаңы база курду

 

Ирак күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месуд Барзаниге жакындыгы менен билинген борбору Эрбил болгон BasNews сайты жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин башында турган Сирия демократиялык күчтөрүнөн кийин абдан жакшы камсыздалган көп сандаган АКШ атайын күчтөрүнө таандык аскердин Хасекенин түндүк батышындагы Тел Бедр базасына жеткендигин билдирди.

Маалыматта Сирия демократиялык  күчтөрүнүн Тел Бедр базасын толугу менен бошотору жана АКШ аскерлеринин жайгашары белгиленди. Тель Бедр базасына жайгашкан Америка аскеринин санынын 800 экендиги белгиленип, бул кадамдын максатынын террордук уюм ДЕАШ барган сайын алдыга жылып бара жаткан Дейризордогу операцияга колдоо берүү экендиги белгиленди.

Америка атайын күчтөрүнүн айрыкча Раккага операция жүргүзгөн Сирия демократиялык күчтөрүнө жардам берери да белгиленди. АКШ Тел Бедрден мурда Сириянын түндүгүндө Кобани, Айн Иса жана Хасеке элетинде да аскердик базаларды курган.

 

 

 



Тектеш кабарлар