Сириядагы оппозициячыл топордон Ел Нусра фронту Шам Фетих фронту деп аталды

Ак үйдүн Ел Нусра тууралуу көз карашы өзгөрбөйт

540374
Сириядагы оппозициячыл топордон Ел Нусра фронту Шам Фетих фронту деп аталды

 

Нусра фронтунун лидери Эбу Мухаммед Жулани Аль Каидадан чыгып Нусра фронтун таркатышкандарын, анын ордуна жаңы курган жана чет элдик уюм менен байланышы болбогон Шам Фетих фронту деген ат менен күрөшүүнү улантышарын айтты. Жулани эл аралык коомчулуктун сириялыктарга жасалган кысымдарын азайтуу, өзгөчө да АКШ менен Орусиянын Сирия калкын бомбалоодо колдонгон шылтоону жок кылуу үчүн Аль Каидадан чыгышкандарын билдирди. Ушул абал боюнча Ак үйдөн билдирүү келди. «Ел Нусра фронтуна карата көз карашыбыздын өзгөрүшүн керек кыла турган эч бир себеп жок. Биз алардын идеологияларына, максаттарына, кыймылдарына карап териштиребиз. Аты эмне болсо болсун бул уюм АКШ жана Европа үчүн тынчсыздануу жаратууну улантат»,- деп айтылды билдирүүдө.



Тектеш кабарлар