Хиллари Клинтон президенттике талапкер

Хиллари Клинтон үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында АКШда өтө турган президенттик шайлоого Демократтар партиясынын атынан акыркы талапкер болуп катышат.

538789
Хиллари Клинтон президенттике талапкер

Хиллари Клинтон үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өтө турган президенттик шайлоого Демократтар партиясынын атынан акыркы талапкер болуп катышат. Шайлоочулардын алдына 28-июль бейшемби күнү чыгып сөз сүйлөмөкчү.

Демократтар партиясынын Филадельфия шаарындагы конгрессинде убагында «Биринчи айым» наамында жүргөн, Нью Йорк штатынын сенатору, АКШнын мамлекеттик катчылыгы кызматтарын аркалаган Клинтон айым, талапкер болуу үчүн белгиленген 2383 добуштук чекти ашып өтүп, Американын тарыхында президенттикке аттанган алгачкы айым болуп калды.

Демократтар партиясынын ичинде президенттикке талапкерди аныктоо жарышында Хилари Клинтон Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерсти артта калтырган. Жыйынтыкка канааттанбаган Сандерстин колдоочулары нааразычыгын билдиришип, жыйын өткөн залдын алдында митинг өткөрүштү.

Клинтондун ордунда Сандерсти көргүсү келген элдин алдына чыгып ал: «Хилари Клинтон мыкты башкаруучу болот. Ага ишеним артып, колдоо көрсөтүү мен үчүн чоң бакыт»,-деп тарапташтарын жооткоткон.

Клинтон АКШнын 45-өлкө башчысын аныктоо үчүн өткөрүлчү 58-президенттик шайлоодо Республикалык партиянын атынан талапкер, бизнесмен Дональд Трамп менен ат салышмакчы.



Тектеш кабарлар