АКШ Түркия менен бирге иш жүргүзөт

АКШнын вице-президенти Жо Байден Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

534959
АКШ Түркия менен бирге иш жүргүзөт

АКШнын вице-президенти Жо Байден ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы темасында Түркия менен бирге иш жүргүзө тургандарын айтты.

Премьер-министрликтен маалымдалгандай, АКШнын вице-президенти Жо Байден Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Байден улуттун ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршы көрсөткөн эр жүрөктүүлүгүн мактады жана АКШнын да бул төңкөрүш аракетти эң башында эле айыптагандыгын сөз кылды.

Шериктештери Түркияга колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандарын билдирген Байден, Фетуллах Гүлендин өткөрүлүп берилиши темасындагы күтүүнү билип турганын, ушунун негизинде көз карандысыз АКШ соттору тарабынан токтом чыгарылышы керектигин, буга байланыштуу Түркия менен бирге иш жүргүзө тургандарын белгиледи.

Премьер-министр Йылдырым да президент Режеп Тайип Эрдогандын лидерлигинде улуттун жана коопсуздук күчтөрүнүн өз жандарын аябастан ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинин мизин майтаргандарын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар