АКШ кибердик чабуулга кабылганын жарыялады

Кызматкер башкаруу кеңсеси мурдагы жана учурдагы 4 миллион чакты федералдык кызматкерлердин маалыматтарынын уурдалганын жарыялады.

293464
АКШ кибердик чабуулга кабылганын жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын Кызматкер башкаруу кеңсеси мурдагы жана учурдагы 4 миллион чакты федералдык кызматкерлердин маалыматтарынын уурдалганын жарыялады.
Мекемеден берилген маалыматта апрель айында кибердик коопсуздукту арттыруу үчүн жасалган иштер убагында бөлүмдүн информациялык технологияларынын система жана даталарына кибердик чабуул менен тышкарыдан кирилгенинин белгиленгени билдирилди.
Бул укук бузуунун интернет коопсуздугуна карай чара көрүүлөрдүн күчөтүлүшүнөн мурда болгону сөз кылынган жарыяда, бул темага байланыштуу Ички коопсуздук министрлиги жана Федералдык тергөө бюросу (FBI) менен иштеп жаткандары билдирилди.
Борбордук өкмөткө таандык мекемелерде иштегендердин коопсуздук изилдөөсү жана маалымат издөөсүн жүргүзгөн, кызматкерлердин жетишкендиктерин сактаган Кызматкер башкаруу кеңсеси кибердик кол салуунун күнүн айтпаса да, Американын медиа мекемелери 2014-жылдын декабрында болгонун жазып чыгышты.
Пекин башкаруучулугу болсо бул дооматтарды четке какты жана берилген жарыялардын жоопкерчиликсиз түрдө болгонун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар